Премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек шаардык мэриясынын жетекчилигин турак жайлардын короолорун, көп батирлүү үйлөрдүн балдар аянтчаларын дезинфекциялоо боюнча иштердин жетишсиздиги үчүн сынга алды.
Өкмөт башчы Бишкектеги жана Чүй облусундагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча кеңешмеде дезинфекциялык чараларды күчөтүүнү талап кылды. Ошондой эле санитардык ченемдерди сактабаган коомдук тамактануу жайларынын, май куюучу жайлардын иши тийиштүү көзөмөлдөнбөй жатканы айтылды.
Кеңешменин жүрүшүндө бала бакчалардын иштөөсүнүн максаттуулугу маселеси көтөрүлдү. Кырдаалды талдап чыккан соң, алар боюнча чечим кабыл алынат.
Өкмөт башчы жарандарды, айрыкча өнөкөт оорулары бар улгайган адамдарды мүмкүн болушунча коомдук жайларга барбай, үйдө болууга чакырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн