Бугу 16, 2024
Убакыт: 16:34
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Премьер-министр Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү

28.08.2020 14:01
1085
Премьер-министр Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү


Премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн алдындагы Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Кубатбек Боронов белгилегендей, 2020-жылдын башынан бери өкмөт өз алдына амбициялуу милдеттерди, анын ичинде, бюджетке түшүүлөрдү жана кирешелерди жогорулатуу, ири өнөр-жай ишканаларын ишке киргизүү боюнча милдеттерди койду.

«Бирок COVID-19 пандемиясы биздин пландарга өз түзөтүүлөрүн киргизди. Кыйынчылыктарга карабастан, биз уруксат берүүчү документтерди алууну, санариптик платформаларды пайдлалануу менен чек аралардагы товарларды өткөрүү процедурасын, салык жана бажы процедураларын жөнөкөйлөштүрүүгө, бизнести жеңилдетилген насыялоо үчүн зарыл документтердин санын кыскартуга багытталган бир катар маанилүү экономикалык реформаларды ишке ашырууну улантуудабыз. Бул чаралар оңдуу жыйынтыктарды көрсөтүүдө», - деди ал.

Кеңешменин жүрүшүндө бир катар маселелер, анын катарында Бизнес-омбудсмендин алгачкы 6 айындагы ишмердүүлүгү, ишкерлер укугун коргоо үчүн жазык-процессуалдык мыйзамына түзөтүүлөр, COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу кризистин кесепеттерин жумшартуу боюнча чаралар, салык жана укук коргоо органдары тарабынан ишке ашырылуучу ишкердик субьектилерин текшерүүгө убактылуу мораторийди кеңейтүү, ошондой эле кичи жана орто бизнестин көйгөйлөрүн жумшартуу боюнча сунуштар каралды.

Өкмөт башчы мамлекеттик органдарга конкреттүү маселелерди талкуулап жана алар боюнча натыйжалуу чечимдерди кабыл алуу максатында Бизнес-омбудсмен институтунун жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушууларды көбүрөөк өткөрүүнү сунуштады. 

«Өкмөт ишкерлер үчүн ачык, адилеттүү жана жагымдуу шартарды түзүүгө ар дайым даяр жана кызыкдар. Бүгүнкү күндө кабыл алынып жаткан чаралар таза бизнести колдоого, көмүскө экономика жана корупциялык көрүнүштөр менен күрөш жүргүзүүгө, сергек атаандаштыкты түзүүгө багытталган. Бул максаттарга жетищүү үчүн биз бири-бирибизди колдоого алуубуз керек», – деди өкмөт башчы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн