Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:25
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Премьер-министр: Эпидкырдаалды жакшыртуу үчүн заманбап ооруканалардын орду чоң

26.07.2020 11:24
489
Премьер-министр: Эпидкырдаалды жакшыртуу үчүн заманбап ооруканалардын орду чоң


Премьер-министр Кубатбек Боронов Ош шаарына жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаардык клиникалык ооруканасына барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 263 орундук медициналык мекеме 2019-жылы пайдаланууга берилген. Клиникалык ооруканага Кытай Эл Республикасы 14 даана заманбап медициналык жабдуу берүүнү пландаган. Учурда аларды коюу үчүн атайын имарат талап кылынат.

«Клиникалык ооруканага КТ, МРТ жана рентген аппараттарын коюу шарт. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу илдетти так жана тез аныктоо үчүн мындай ооруканалардын жана медициналык жабдуулардын иштеп турушу маанилүү. Кошумча имаратты жеңил конструкциядан салуу жагын караштырып көргүлө. Бирок ошол эле учурда кышкысын жылуу болгондой болуш керек», - деди премьер-министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн