Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 18:29
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Премьер-министр Казакстанга иш сапар менен кетти

31.01.2020 10:05
749
Премьер-министр Казакстанга иш сапар менен кетти

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапары менен Казакстандын Алматы шаарына барып, анда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында 14 маселе талкууланат. Анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногундагы тоскоолдуктарды четтетүүгө, мурда берилген тапшырмаларды аткарууга, санариптик транспорттук коридорлордун экосистемасын калыптандырууга, интеграциялык бирикмелердин алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу Келишиминин үстүндө иштөөгө, эл аралык эрежелерди жана тажрыйбаларды эске алуу менен атайын коргоочу, антидемпингдик жана компенсациялык чараларды колдонуу механизмдерин жакшыртууга тийиштүү маселелер бар.

Делегациянын курамы:

 

- премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев,

 

- вице-премьер-министр Жеңиш Разаков,

 

- экономика министри Санжар Муканбетов,

 

- КРнын Казакстандагы элчиси Жээнбек Кулубаев,

 

- өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Болот Жунусов,

 

- премьер-министрдин кеңешчиси Кубатбек Рахимов,

 

- КР премьер-министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси Эдуард Турдалиев,

 

- мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев,

 

- КР өкмөтүнүн ЕАЭБдеги иштери боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков,

 

- өкмөттүн аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков,

 

- өкмөттүн аппаратынын санарип трансформация бөлүмүнүн башчысы Мунира Тыныстанова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн