Эпидемиологиялык кырдаал курчуп кетсе, кээ бир райондор үчүн мобилдүү клиникаларды уюштуруу маселеси каралууда. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 5-августтагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, атайын макулдашуунун негизинде Кытайдан эки мобилдүү оорукана алып келүү пландалууда.
"Эгерде биз күзгө чейин алып келсек, алар кырдаал курчуп кетти делген үч аймакка берилет", - деди ал.
Ал белгилегендей, Кыргызстанда бир мобилдүү клиника бар.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн