Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 13:12
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Премьер-министр: Көмүскө экономиканы төмөндөтүп, бюджетти жогорулатууга шарт түзүлүп жатат

06.08.2020 08:59
851
Премьер-министр: Көмүскө экономиканы төмөндөтүп, бюджетти жогорулатууга шарт түзүлүп жатат

Бажы жана салык процедураларын фискалдаштыруу тутумун өнүктүрүү маселеси – КР өкмөтүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири. Бул туурасында премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Ал белгилегендей, 2020-жылдын 1-июлунан тарта ишке киргизилген электрондук эсеп-фактуралар, виртуалдык кассалык аппараттар, бардык май куюучу жайларда мунай заттарын чыгарууну эсепке алуунун автоматташтырылган тутуму иштеп баштады.

Жыл аягына чейин алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын санариптик идентификациялоо аркылуу милдеттүү түрдө маркировкалоо боюнча электрондук кызматтар ишке киргизилет. Булардын баары Мамлекеттик бажы кызматынын электрондук сервисине толук кошулат, натыйжада, көмүскө экономиканын көрсөткүчтөрү төмөндөп, республикалык бюджетке түшүүчү каражаттардын көлөмүн жогорулатууга шарт түзүлөт", - деди премьер-министр.

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн