Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 04:01
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Премьер-министр Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетин сынга алды

10.07.2020 15:52
863
Премьер-министр Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетин сынга алды


Премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 10-июнда Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жана Саламаттык сактоо министирлигинин жетекчилигин сынга алды.   

"Ооруканаларда орундарды каттоо боюнча электрондук система эмне үчүн азыркыга чейин даяр эмес? Маалыматтык система кыска мөөнөттө киргизилип, иштеп баштасын. Эмне үчүн Бишкектеги медицина кызматкерлери ушуга чейин эмгек өргүүсүнөн чакыртыла элек? Бул ишти тездеткиле, эртең алар ишке чыгып, жарандарга тиешелүү жардам көрсөтүп башташсын, - деди Боронов.

Мындан тышкары ал Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, фельдшердик-акушердик пункттардын ар бир дарыгери кабардар болуп, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген протокол боюнча дарылоо дайындашсын, деген тапшырманы берди. Участоктук дарыгерлер калкка оорунун өтүшү, пневмониянын өрчүшүнө жол бербей дарылоо тууралуу маалымдоо иштерин жүргүзүшсүн, деди өкмөт башчы.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн