Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Премьер-министр: Ооруканаларда орундар жетиштүү, дүрбөлөң түшүүгө негиз жок

29.06.2020 08:53
1174
Премьер-министр: Ооруканаларда орундар жетиштүү, дүрбөлөң түшүүгө негиз жок


Өлкөдөгү медициналык мекемелерде орундар жетиштүү, дүрбөлөң түшүүгө негиз жок. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын кезексиз өткөн отурумунда Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянып билдирди.   

«Акыркы күндөрү COVID-19ду жугузгандардын саны кескин көбөйдү. Өзгөчө Бишкек жана Ош шаарларында илдеттин жуктургандар көп болууда. Дароо эле айтайын, бүгүнкү күндө ооруканаларда орундар жетиштүү санда. Адистердин божомолунун жана биздин өз учурунда көргөн аракетибиздин негизинде даярдык көрүлдү», - деди Кубатбек Боронов. 

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 28-июнга карата республика боюнча медициналык мекемелерде даярдалган 1976 орундун 1047сине бейтаптар жаткырылды. Калган 929 орун бош. 

«Учурда ооруканаларда орундар жетиштүү санда. Бирок акыркы учурда бейтаптын саны көбөйүп жатканына байланыштуу орундар тез эле толуп калышы мүмкүн. Ошондуктан жаңы орундарды даярдоо боюнча бир катар чаралар кабыл алынды. Мисалы: Воронцовкада 120, мурдагы Ганси авиабазасында  – 600 орун даяр, «Ак-Кеме» мейманканасында жана № 1 шаардык ооруканада жана башка жерлерде орундар даярдалды. Ошондой эле өпкө оорусу менен ооругандардын саны көбөйүүдө. Алардын саны учурда 289 адамды түзөт. Өпкө оорусу менен ооруган бейтаптар үчүн жалпысынан 553 керебет-орун даярдалды. Бардык облустарда мамлекеттик органдар орундарды даярдоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө», - деди Өкмөт башчы.  

«Орундардын жетишсиздиги боюнча кооптонуу, баарынан биринчи айрым жарандардын дүрбөлөңгө түшкөнүнө байланыштуу. Бардыгын ооруканага жаткыруу мүмкүн эмес. Дарыгерлер кармана турган атайын алгоритм жазылган. Кимге үйдөн дарылануу керектиги айтылса, алар режимди катуу сакташы керек.  Алар аймактык дарыгердин көзөмөлүндө болушат», - деп Кубатбек Боронов сөзүн жыйынтыктады.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн