Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 03:49
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Премьер-министр Улукбек Марипов «Келечек» балдар үйүнө барды

14.03.2021 08:02
837
Премьер-министр Улукбек Марипов «Келечек» балдар үйүнө барды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Ош облусундагы Кара-Суу районунун Тельман айылындагы «Келечек» балдар үйүнө барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Учурда 11 бала (ата-энеси баш тарткан жана тоголок жетимдер) тарбияланып жаткан балдар үйү 1999-жылы бала бакчанын ордуна негизделген.  


Түзүлгөн учурдан тартып мекемени Баян Тулешева жетектеп келет.


«Боорукер жана башкаларга кыйынчылыкта жардамын аябаган жүрөгүңүздөр үчүн сизге ыраазыбыз. Жолдошуңуз менен бирге бул балдарга ата-эне болуп бергениңиздер үчүн рахмат. Бул жакшылыгыңыздар сиздерге сөзсүз түрдө эселеп кайтат. Мында салттуу балдар үйүнө окшош эместиги кубандырат. Бул үйдө көп балалуу үй-бүлө жашаган үй-бүлөлүк бейпилчилик орноп турат», - деди Улукбек Марипов.  


Өкмөт башчы өзүнүн атынан балдарга сыналгы, компьютер, оюнчук жана таттууларды белек кылды.


Андан соң Премьер-министр Араван районундагы Мангыт айылындагы 50 орундуу ооруканын курулушунун жүрүшү менен таанышып чыкты.


Оорукана 10 жылдан ашуун убакыттан бери салынып жатканы менен курулуш эч аяктабай жатат.


Премьер-министр медициналык мекеменин эшигин быйылкы жылы ачууну жана зарыл жабдуулар менен камсыздоону тапшырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн