Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 08:38
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Премьер-министр Улукбек Марипов кыргыз элине кайрылуу жасады

22.02.2021 18:52
7212
Премьер-министр Улукбек Марипов кыргыз элине кайрылуу жасады

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов жарандарга кайрылуу жасады.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиришкендей, премьер-министрдин кайрылуусунда төмөнкүдөй айтылат:

Урматтуу кыргызстандыктар!

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров быйылкы жылдын 29-январында “Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Президентибиздин башкы тапшырмасы – кадрларды тандоо системасын жана практикасын кардиналдуу өзгөртүү.

Муну ишке ашыруу үчүн биринчи этапта системалуу түрдө (мезгил-мезгили менен) бардык райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары-акимдер жана алардын орун басарлары аттестациядан өткөрүлөт. Ошондой эле кадрларды – акимдерди ротациялоо принциби ишке киргизилет, же район акимдери башка райондордон дайындалат.

Бул иштердин башкы максаты:

- элдин ынтымагын бекемдөө;

- мамлекеттик кызматта түндүк-түштүк деген түшүнүктөн арылуу;

- кадрдык трайбализм, кландуулук оорусун түп-тамырынан бери жок кылуу;

- “тааныш-билиштердин” мамлекеттик башкаруу кызматтарына келишин токтотуу;

- жеке кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу, айрыкча инвесторлор менен жергиликтүү калктын ортосундагы келишпестиктерди болтурбоо;

- системага айланган коррупциялык схемаларды жок кылуу.

Муну менен биз жер-жерлердеги жетекчилерди натыйжага жана сапатка иштегенге түрткү беребиз.

Дагы бир жолу баса белгилеп кетейин: биз бир ууч эле элбиз. Бизге бекем ынтымак гана керек!

Аттестациялоо иштери өтө жакынкы күндөрү башталат, таза, ачык-айкын, акыйкат жана бирдей шарттарда өткөрүлөт. Бардык иштер жаап-жашырылбастан элдин көз алдында, коомчулуктун катышуусунда өтөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын алкагында жана менин тапшырмамдын негизинде аттестациялык комиссиянын курамы түзүлүүдө. Ага район жана облустардын мурдагы абройлуу жетекчилери, ар түрдүү региондон мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ардагерлери кирет.

Ротациялоо практикасы укук коргоо органдарынын ишинде активдүү колдонулуп келет. Мунун жакшы жагы – райондук эле эмес, республикалык масштабдагы адистердин калыптанышында жакшы натыйжаларды берүүдө.

Мындай кадам өлкө саясатын ишке ашырууга жөндөмдүү, жогорку квалификациялуу кадрлардын күчтүү резервин түптөөдө негизги өзөктөрдүн бири болот. Аттестациядан ийгиликтүү өткөн мамлекеттик администрациялардын башчылары жана анын орун басарлары карьералык баскычка көтөрүүдө негизги талапкерлердин бири катары каралат.

Бул чечимдерибиз эл тарабынан туура кабылданып, колдоо табат деп ишенемин.

Мен өз өлкөмдүн патриот уулу жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри катары аймактарга өз ишин мыкты билген профессионалдар келишине абдан кызыкдармын!

Биз күчтүү Кыргызстанды бирге курабыз деп бекем ишенем!

Пикирлер (12)

Коопсуздук коду
Анарбек Мамытов
Эл ичинде журбогондугун корунуп турат. Сенин иштеп ийгилик жаратаарына да ишенбей калдым. Улукбек мырза, бул чечимден эч нерсе озгорбойт. Озгоруу, качан гана акимдерди жоюп, Губренаторлор менен туз иштей баштаганда. Ар бир жердин оз менталитети болот. Ошол менталитетти ошол жердин билимдуу азаматы кана сезип туя билет. Ошондой азаматтар эл менен ишешуунун жолун табат. Билим бул бир кана аргументи, эл алдында кадыр баркка ээ болуу ар кимге бериле берген эмес. Ал нерсе сенде да жок али. Себеби эл арасында болгон эмессин.
кедейкан
Башка жетекчилерди да алмаштыруу керек
Авке
Акимдерди иштетпей ары бери сүйрөй бересиңер. 4-5 жыл иштесин да. Жыл сайын которо берип иш да жүрбөйт. Анан көрү акимчиликти тап такыр жоюп салыш керек.
Сулайманов эмилбек
Айыл окмотторду да ошондой кылып шайласанар болобу
Кутман
Ото жакшы, эми айыл окмот башчыларына дагы элге чыныгы кызмат кылат элем дегендер келчу сунуштарды айтыныздар. Буга чейинки жакшы иштегеген айыл окмот башчылары ото аз болгон. Айыл онуксо, олко онугот.