Бугу 20, 2024
Убакыт: 18:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Премьер-министр ЖК депутаттарына колдоосу үчүн ыраазылыгын билдирди

17.04.2020 17:02
983
Премьер-министр ЖК депутаттарына колдоосу үчүн ыраазылыгын билдирди


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавируска байланыштуу экономикалык кырдаал боюнча өкмөт мүчөлөрү менен кеңешме өткөрдү, деп билдирди өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы.

Өкмөт башчынын айтымында, аргасыз чектөөлөрдү киргизүүнүн натыйжасында жарандар чоң кыйынчылыктарга туш болушту: чакан жана орто бизнес опурталдуу жоготууларды тартып, бюджетке миллиарддаган сом түшпөй калат.

«Бирок, тилекке каршы, убактылуу обочолонуу режими гана карантинди мүмкүн болушунча тезинен жеңилдетип жана өлкөдө экономикалык активдүүлүктү жандандырат, - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев. - Өкмөт учурда ишкерликти жөнгө салуу иштерин сапаттык жаңы деңгээлге чыгаруу боюнча чаралардын топтомун даярдап жатат. Бизнести колдоого жана экономиканы өнүктүрүүгө багыттала турган салмактуу ресурстар табылды. Мамлекеттик бюджеттин артыкчылыктуу эмес чыгымдары кризисти жеңүү шарттарында гана кыскартылбастан, негизинен эле кайра каралат». 

Премьер-министр Жогорку Кеңештин депутаттарынын колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, өкмөт мамлекетти чыңдоо жана жашоо сапатын жакшыртуу максатында парламент менен өз ара тыгыз иштешүү аркылуу салык мыйзамдарындагы жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ачык кемчилдиктерди жоюушу керектигин белгиледи.

«Өлкө бул күндөрү бардык ички жана тышкы булактарды күчтөндүрүүдө. Финансылык колдоо тартуу иштери президент Сооронбай Жээнбековдун түздөн-түз жетекчилигинин алдында жүрүүдө жана олуттуу жыйынтыктарды берип жатат. Биз бул шашылыш чечимдер бизнести толук кандуу канааттандырбай турганын түшүнүү менен антикризистик планды даярдадык. Ишкерликти колдоо чараларынын кошумча топтому зарыл. Биз чакан жана орто бизнести экономикалык, финансылык колдоонун, финансы системасын жандандыруунун кыйла терең жана системалуу чараларын түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз”, - деди премьер. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн