Бугу 17, 2024
Убакыт: 04:43
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Премьер-министр бардык врачтарды жана медайымдарды ишке кошулууга чакырды

07.07.2020 14:00
1310
Премьер-министр бардык врачтарды жана медайымдарды ишке кошулууга чакырды


Өкмөт башчы Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында түзүлгөн кырдаалдын бир себеби катары медициналык персоналдын жетишсиздигин атады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаардык мэриясынын саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, медайымдарды жана башка персоналды эске албаганда, борбордо 1202 атайы билимдүү дарыгер бар. Учурда болжол менен 300 врач ооруп жатат.

Калган дарыгерлер иште болуусу керек. Бирок иш жүзүндө медициналык мекемелерде врачтар жетишпей жатат. Бардык врачтарды жана медайымдарды ишке кошулууга чакырам. Жарандар сиздердин жардамыңыздарга муктаж болууда. Силерсиз биз пандемияны жеңип, адам өмүрүн сактап кала албайбыз. COVID-19 каршы күрөшүүгө татылган медициналык кызматкерлер үчүн айлык акыны кармоолор орун албайт. Ошондой эле алар үчүн кошумча акылар каралган", - деди премьер-министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн