Элден чогулган каражаттарды иштетүүдө ачыктык болот. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 1-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
“Элден чогулган каражаттарды иштетүү боюнча түзүлгөн комиссия бүгүн алгачкы жыйынга чогулду. Анын курамында сиздердин кесиптештер да бар. Мунун баарын ачык-айкын жарандарга жеткиребиз”, - деди ал.
Пикирлер (1)