4-октябрь – парламенттик шайлоого ат салышып жаткан саясий партиялардын тагдырын аныктай турган күн. Ушул күнү кайсыл партиялардын парламентке келери буюрса болжолдуу белгилүү болот. БШК добуш берүүнүн жыйынтыгын расмий жарыялагандан кийин парламенттеги 120 мандат бир нече партияга бөлүнөт. Албетте, алган добуштарына жараша. Анан андан ары мамлекет башчысы булардын ичинен бирөөсүнө өкмөттү куроо милдетин тапшырат.
Бирок, бизде буга чейин деле шайлоодо алдыга озуп келген партиялардын көпчүлүгү өздөрүнүн арасынан өкмөт башчылык кызматка талапкер көрсөтө алышкан эмес. Бул кадимкидей эле салтка айланып калгансыды. Эгерде саясий партияларда, алардын лидерлеринде парламентке барып, өкмөттү курап, аны жетектөө планы болбосо, анда эмне үчүн шайлоого катышышты деген суроо жаралат. Жанагы шайлоо алдындагы берип жаткан толтура убадалардын баары ошол өкмөттүн аткара турган иштери эмеспи. Эгерде убадаларын аткарууну чындап максат кылышкан болсо, анда өздөрүнүн арасынан премьер-министр даярдоолору максатка ылайык.
Дүйнөлүк практикада өкмөт башчысы кызматына шайлоодо жеңишке жеткен партия лидерлери барат. Эгерде шайлоодо эки партия жеңсе, анда алдыга келген партиянын лидери, көп партия келсе да биринчи келгенинин лидери өкмөт башчы болот. Анын партиясы парламентте коалициялык көпчүлүктү түзүп, өзүнүн өкмөтүнө керектүү колдоону алып турушу шарт.
Тилекке каршы, бизде андай болбой келет. Мурдагы президент Атамбаев өзүнүн бийлигинин акыркы убактарында Конституцияны уруп ойнобой, өкмөттү өзү каалагандай түзүп калган болчу. Ал эми Германия сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдө премьер-министрликке талапкерге бир гана талап – жогорку профессионалдуулук болот.
А. Атамбаевдин убагында өлкөбүздө коалициялык көпчүлүк саясатта кандайдыр бир роль ойноодон калган, ошондон улам коалициялык көпчүлүктүн лидери К. Исаев менен А. Атамбаевдин ортосунда келишпестик жаралган. Натыйжада К. Исаев темир тор артына отуруп чыкканы белгилүү. Демек, мындай учурда президенттин жеке каалоосу менен куралган өкмөт кимге кызмат кылышы мүмкүн? Түшүнүктүү да.
2010-жылдан бери алып караганда эле өкмөттү эки жолу гана партия лидерлери жетектеди – КСДП партиясынын лидери А. Атамбаев жана «Республика» лидери Ө. Бабанов.
Калгандарынын баары техникалык премьерлер болду, башкача айтканда парламенттен эмес, башка жактан чакыртылып алынды. Же партияда жоктор да келди. Демек, парламентте партиясы жок премьер өзүнө керектүү колдоону эч качан көрө албайт. Өкмөт башчы үчүн парламентте өзүнө тиешелүү партиянын отурганы өзгөчө маанилүү. Ошондо гана чечкиндүү кадамдарды жасай алат. Ошондо гана өкмөттүн өмүрү узун болот.
Азыркы тапта жеңишке жетүү шансы бар делген партиялардын лидерлеринин биринин да премьер-министрлик кызматка баруу каалоосу жок сыяктуу. Биз мындай жыйынтыкка алардын буга чейинки позицияларынан, аракеттеринен улам келип отурабыз. Болбосо, Мирлан Бакиров, Канат Исаев, Алтынбек Сулайманов, Марат Аманкулов, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев сыяктуу партия лидерлеринин премьер-министрлик кызматты аркалап кеткенге толук мүмкүнчүлүктөрү да, тажрыйбалары да жетиштүү. Эгер булардын партиялары парламентке келип, өкмөттү курай турган болсо, анда ошол жеңишке жеткен партиялардын биринин лидери өкмөттү жетектегени мамлекеттин кызыкчылыгына туура келмек. Ошондо гана өкмөт өзүнүн командасы менен күчтөнүп, ошондо гана чечкиндүү кадамдарды жасамак. Бир жыл, же ашып кетсе эки жыл отурган өкмөт эч кандай өзгөрүү жасай албайт. Жок дегенде парламенттин мөөнөтү менен бирдей отурса гана натыйжа болот эле.
Эми 5-октябрдан тарта келерки өкмөттүн курамы кандай боло турганына күбө болобуз. Эгер мурдагыдай эле партиясы жок техникалык өкмөт курала турган болсо, анда өзгөрүүдөн үмүт үзүп кое берүү туура болот.
Канатбек Аскаров
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн