Чын курандын 05, 2025
Убакыт: 16:01
USD
86.60
87.10
EUR
94.90
95.90
RUB
1.010
1.050

Премьер-министр кайсы аймактарда эпидемиологиялык абал оор экенин айтты

28.07.2020 15:29
985
Премьер-министр кайсы аймактарда эпидемиологиялык абал оор экенин айтты


Өлкөнүн аймактарында абал кооптуу бойдон калууда. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 28-июлдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, акыркы жумада оорунун басаңдаганы байкалууда. 


"Баары оңолду деп айтууга али эрте. Аймактарда эпидемиологиялык абал кооптуу бойдон калууда. Алсак, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында жана Ош шаарында абал оор бойдон калууда. 


Айрыкча Ысык-Көл облусунда эс алуучулардын саны кескин көбөйдү. Ушул жылдын июнь айына карата облуска келген эс алуучулардын саны 3 миң болсо, 20-июлга карата эс алуучулардын саны 10 миң адамды түздү. Мындан улам эс алуу учурунда ооруга чалдыккандар пайда болууда", - деди премьер-министр. 


Ошондой эле, ал аймактардагы эпидемиологиялык абалды турукташтыруу боюнча өкмөт тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгын айтты. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн