Япониянын премьер-министри Ёсихидэ Суга кызматтан кетет. Бул тууралуу анын сөзүн чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Суга өзүнүн кызматын таштап бир багытта иш алып барат.
"Кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алдым. Бир эле убакта коронавирус, экономика менен күрөшүү жана шайлоо өткөрүү болуп көрбөгөндөй энергия талап кылат. Жаңы парламент жаңы премьер-министр тандаш керек",- деди Суга.
Суганын саясий рейтинги коронавирус коркунучуна карабастан, Олимпиада оюндарын өткөргөнүнө байланыштуу түшүп кеткен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн