Кулжа 29, 2024
Убакыт: 07:59
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

Премьер-министр өкмөттүн курамын өзгөртөм деген убадасын аткарган жок, - Рыспаев

13.05.2020 17:11
1075
Премьер-министр өкмөттүн курамын өзгөртөм деген убадасын аткарган жок, - Рыспаев

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматка жаңы келгенде өкмөттүн түзүмүндө реформа жасайм, курамын өзгөртөм деген убадасын аткарган жок, деп билдирди депутат Рыспай Кожобеков парламент жыйынында.


Анын айтымында, учурда өкмөттө бир дагы түзүм өзгөргөн жок. “Азыр туризм тармагы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде бар, Туризм департаменти бар, андан тышкары Туризм мамлекеттик ишканасын ачып алдыңар. Азыркы күндө бул мекеме эмне иш кылып жатат?”, - деп сурады депутат.


Маданият министри Азамат Жамангуловдун
айтымында, бул ишкана объектилер менен иш алып жатат. Былтыркы жылы ага 15 млн сом которулган, анын 6 млн сому жумшалды. “Өзүңүздөр билгендей, бул ишкана объектилерди юридикалык жактан тазалап, аларды мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорлоруна даярдап жатышат”, - деди министр.


Мен ойлойм, бул ишкананын кереги жок болчу. Туризм боюнча эле үч орган бар экен”, - деди Кожобеков.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн