Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Жарандар күнүндө отставкага кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.
Белгилүү болгондой, 20-июнга белгиленген добуш берүүгө чейин ал министрлер кабинетин жетектейт.
Шайлоого бийликтеги Жарандык Келишим партиясы катышат, ал эми Пашинян партиядан премьер-министр кызматына талапкер болот.
«Эгерде эл мени премьер-министрликтен кетишим керек деп чечсе, анда мен алардын тилегин орундатам. Эгерде эл мени премьер-министр болушум керек деп чечсе, анда мен дагы бул кызматты аткарам», - деп убада берди Пашинян.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн