Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 15:53
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Премьер-министр парламенттик шайлоого даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдү

06.08.2020 12:54
997
Премьер-министр парламенттик шайлоого даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдү


Премьер-министр Кубатбек Боронов 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү иштеринин жүрүшү талкууланган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.  

Өкмөт башчы вице-премьер-министр Акрам Мадумаров жетектеген шайлоо комиссияларын уюштуруу маселелерин кароо жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча иш алып бара турган Республикалык штаб түзүлгөнүн белгиледи.

«Алдыдагы шайлоо мурдагылардан коронавирус инфекциясы пандемиясы учурунда өткөрүлө турганы менен айырмаланат. Бул масштабдуу саясий окуя жогорку деңгээлде уюштурууну талап кылат жана шайлоо участкаларында эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандарга вирустун жугушун алдын алуу боюнча иш аракеттерди көрүү шарт. Биздин алдыбызда шайлоону ачык жана таза өткөрүү үчүн бардык шарттарды түзүү милдети турат», - деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр мамлекеттик тармактык органдарга, анын ичинде коомдук тартипти, киберкоопсуздукту камсыздоо, уюштуруу маселелерин ишке ашыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн