Бугу 06, 2024
Убакыт: 12:21
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Премьер-министр жарандарды санитардык эрежелерди сактоого чакырды

30.03.2021 19:09
545
Премьер-министр жарандарды санитардык эрежелерди сактоого чакырды

Премьер-министр Улукбек Марипов республикадагы коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абалга тийиштүү кеңешме өткөрдү, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.


Республикалык ыкчам штабдын төрагасы, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков медициналык мекемелерди COVID-19 оорусунун көбөйүү ыктымалдыгына даярдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Өкмөт башчы Улукбек Марипов белгилегендей, саламаттык сактоо тутуму, медициналык адистер оорунун өсүүсүнө даяр болушу керек.

«Бишкек шаарында жана Чүй облусунун айрым райондорундагы оорунун өсүшү боюнча абал кооптондурууда. Биз окуянын ар кандай өнүгүү варианттарына, анын ичинде абалдын начарлашына даяр болушубуз керек. Саламаттык сактоо уюмдары, биринчи кезекте медициналык кызматкерлер жеке коргонуу каражаттары менен, бейтаптарды дарылоо үчүн тийиштүү дары-дармектердин запасы жана жабдуулар менен камсыздалышы керек. Өзгөчө көңүлдү балдардын ден-соолугуна, мектептерде жана бала-бакчаларда санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоого буруу керек. Республикалык ыкчам штаб ишти активдештирип, эпидемиологиялык абалды мониторингдөөсү жана көзөмөлдү күчөтүүсү керек. Абал начарлап кеткен учурда өз учурунда чараларды кабыл алуусу тийиш», - деди ал.

Премьер-министр жарандарды өзүнүн жана жакындарынын ден-соолугуна жоопкерчиликтүү болууга жана беткап тагынуу жана социалдык обочолонуу сыяктуу элементардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого чакырды.

«Өзгөчө коомдук жайларда жана эл көп чогулган жерлерде жарандар өзүн коргошу керек», - деди ал.

Тармактык мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасына коронавирус инфекциясына карашы вакциналарды ташуу ишин улантуусу тапшырылды.

Мындан тышкары, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жеке медициналык борборлор менен калкты акы төлөө жана ыктыярдуу негизде коронавируска каршы вакцинациялоо жүргүзүү маселесин иштеп чыгуусу тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн