Бугу 09, 2024
Убакыт: 09:50
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Премьер-министрлик кызматка ким татыктуу?

29.01.2021 12:11
1700
Премьер-министрлик кызматка ким татыктуу?

28-январда  Садыр Жапаров кыргызстандыктардын алдында ант берип, өзүнүн президенттик кызматына расмий түрдө киришти. Ага чейин кыргыз өкмөтү отставкага кеткени белгилүү болгон. Учурда жаңы өкмөттүн курамы бекитилгенге чейин милдетин аткарып турушат.


Эми жаңы өкмөттүн курамы бекитилиши керек. Жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум өткөнгө чейин премьер-министрдин ыйгарым укуктары президенттикине салыштырмалуу кыйла көп экени белгилүү. Демек, жаңы өкмөт башына келе турган адамдан көп нерсе көз каранды. Өлкө экономикасы оор абалда турганда жаңы өкмөт башчы боло турган адамдан көп нерсе көз каранды. Өтө тездик менен кабыл алынышы керек болгон кадамдар керек. Жаңы өкмөттүн чечкиндүү иш-аракеттери жаңы президенттин да ишмердүүлүгү үчүн таасири болот. Себеби, бизде өкмөт башчынын ыйгарым укуктары көп болгону менен бардык нерсени президенттен гана күтүү, андан талап кылуу кала элек.


Жаңы курала турган өкмөттүн башына кайсыл талапкер чындыгында татыктуу? Интернеттеги социалдык түйүндөрдө буга чейин эле бир нече саясатчылардын аттары аталып келди. Алардын арасында мурда премьер-министрлик кызматты аркалап келгендери да бар. Бирок, буга чейин өкмөттү жетектеп, бирок натыйжа көрсөтө албагандарга ишеним солгун. Андыктан жаңы өкмөттүн башынан мурда өкмөт башчылыгын аркалабагандарды көрүү ниети күч.


Азыркы тапта өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Артем Новиковду ордунда калсын дегендер бар. Биринчиден, бул кадр жаш жана жаңы жүздөрдүн катарында турат. Экинчиден, ал кыска убакыт аралыгында өкмөт башчылык кызматты татыктуу аркалап кете ала турганын көрсөттү. Экономика тармагынан жетишээрлик түшүнүгү бар. Коррупциялык иштерде аты атала элек. Андыктан референдум өткөнгө чейин анын жөндөмүн дагы-да кененирээк байкап алганга болот.


Эгерде Садыр Жапаров өкмөттү башкарууну өзү менен бирге президенттик жарышта ат салышкандардын арасынан бирөөнө ишенип тапшырууну көздөсө, анда Бабыржан Төлбаев бар. Шайлоодо ал көпчүлүк күтпөгөн жерден үчүнчү болуп келди. Буга себеп анын кыска убакыт аралыгында өзүнүн программасын калктын калың катмарына ишенимдүү түрдө жеткире алганы болду. Экономика тармагын абдан жакшы билет. Учурдагы ишмердүүлүгү да финансы жаатына байланыштуу.


Ошол эле убакта интернеттеги социалдык түйүндөрдө премьер-министрлик кызмат ордунан Камчыбек Ташиевди көргүсү келгендер арбын. Ырасында бул жогорку кызматка барууга Камчыбек Кыдыршаевичтин тажрыйбасы толук жетиштүү. Ал буга чейин министрлик кызматты да аркалаган, Жогорку Кеңештин депутаты да болгон. Учурда УКМКны жетектеп турат. Ал атайын кызматтын башына келген кыска убакыт аралыгында корруцпияга каршы күрөш кандай болушу керек экендигин так көрсөтө алды. Сот, бажы, курулуш тармактарында бир нече жемкорлор кармалды. Мамлекеттин эсебине миллиарддар кайтарылды. Ошол эле убакта уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү да күч алды. Болгону ал өкмөт башчылык кызматка барып калса, УКМК тарабынан жүрүп жаткан коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөш иши солгундап кетпейби деген суроо бар.


Ырас, премьер-министрлик кызматка баргысы келген башка дагы бир топ саясатчылар жүрөт. «Эгер Садыр Жапаров кызматташууга чакырса барам» дегендердин көпчүлүгү ушул кызмат ордун мээлеп турушканы жашыруун деле эмес. Бирок, көпчүлүктүн азыр өкмөт башынан көргүсү келген кадрлары жогорудагы үчөө. Бирок, алардын кимисине ишеним артыла турганы азырынча белгисиз. Балким, таптакыр эле күтүлбөгөн жаңы кадр болуп калышы да мүмкүн.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Мирсалиев Нурали
Улукбек Кочкоров
Нарынбек
Асанбеков Темирбек премьер министр кызматына туура болоор эле.
Акматов Т
Асанбеков Темирбек Ишенбаевич
Таа
Кол бала бироону койот .Принципиальныйдын кереги жок бийликке.