Бугу 08, 2024
Убакыт: 08:27
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Премьер-министрлик креслодон кийин түрмө болбошу үчүн эмне кылыш керек?

03.02.2021 12:41
823
Премьер-министрлик креслодон кийин түрмө болбошу үчүн эмне кылыш керек?

Кыргызстандагы эң эле көп тепкиге тушуга турган жана жакшы сөз укпай турган кызмат орду – бул премьер-министрлик кызмат. Президенттик башкаруу доорунда да, парламенттик башкаруу маалында да ур-соккунун баары келип эле өкмөт башчынын башына «каңк» эте тийип келди. Анын колу-буту тушалып, президенттин ишааратынан көз каранды болуп турганын түшүнүп тургандар деле «тепкилей» беришет. Боксчунун машыгуу үчүн пайдаланылчу кум толтурулган мүшөгү сыяктуу эле.


Андан да кызыгы Кыргызстан эгемендик алгандан бери өлкөбүздө 23 жолу премьер-министр алмашты. Анын ичинде эки жолудан премьер болгондору бар. Ал эми алардын тең жарымына кылмыш иштери козголуп, айрымдары темир тор артында отурса, айрымдары сыртта качып жүргөнү белгилүү. Айрымдары дагы деле сурак берип жүрөт.


Ал кылмыш иштери козголгон премьер-министрлер кимдер? Николай Танаев, Кубанычбек Жумалиев, Курманбек Бакиев (адегенде эки ирет премьер-министр болуп, андан соң президенттик кызматка келген), Данияр Үсөнов, Игорь Чудинов, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Алмазбек Атамбаев (эки жолу премьер-министр болуп, андан соң президенттик кызматка келген), Өмүрбек Бабанов. Акыркы болуп экс-премьер Мухаммедкалый Абылгазиевге кылмыш иши козголуп, «Кумтөр» кенине байланыштуу айыпталып, камакка алынды.


Николай Танаев «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча шектелген. И. Чудинов Бишкектин четиндеги жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыпталып, 2018-жылы соттун чечими менен 5 миллион сом айып пулга жыгылган. Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык иштер боюнча айыпталып, бири 7,5 жылга, экинчиси 15 жылга эркинен ажыратылган. Өткөн жылдагы октябрь тополоңунан кийин С. Исаков чет мамлекеттердин бирине чыгып кеткени айтылып жүрөт, ал эми Ж. Сатыбалдиев ден соолугуна байланыштуу ооруканада дарыяланып жатыптыр.


Эки жолудан премьер-министр болуп, андан кийин президенттик тактыга отурушкан Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаевдин тагдыры жалпыга маалым. К. Бакиев 2010-жылдагы апрель окуясында каза болгон 90 чукул баланын өлүмү үчүн айыпталып, сыртынан 30 жылга эркинен ажыратылган. Атамбаевге болсо бир нече кылмыш иши козголгон. Алардын ичинде Бишкек ТЭЦи жана Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу бар.


К. Бакиевдин доорунун акыркы жылдарында өкмөттү жетектеген Данияр Үсөнов да 2010-жылдагы апрель окуясы жана дагы башка экономикалык кылмыштар боюнча айыпталып, өмүр бою сыртынан эркинен ажыратылган. Азыр ал Белоруссияда Даниил Урицкий деген ысым менен жүргөнү айтылып келет.


2010-жылдан кийин премьер-министрлик кызматка келген Ө. Бабановго да бир нече кылмыш иши козголгону маалым. Бирок, кайсыл иштер экени азыркыга чейин айтылбай келет.


Ал эми Кубанычбек Жумалиевдин мүлктөрүнө байланыштуу финполиция сотко чейинки териштирүү баштаганы белгилүү.


Ошентип бүгүнкү күнгө чейинки 10 премьер-министрдин тагдыры кылмыш ишине байланыштуу болуп турат. Ошого карабастан эле өкмөт башчысы болууну самагандардын саны дагы деле аз эмес. Эми өкмөт башына 42 жаштагы Улукбек Марипов келди. Ал бүгүнкү күнгө чейинки премьер-минитсрлердин тагдырынан сабак алып, эртеңки күнү соттолуучунун креслосуна отуруп калбай тургандай таза иштеши зарыл. Болбосо, башбакандыктын креслосу соттолуучунун креслосуна алмашып калышы бат эле экенин тарых далилдеп келатпайбы.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн