Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:46
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Премьер-минстр Нарындын дарыясындагы крокодил үчүн Иманалиевден кечирим сурады

05.05.2020 14:35
1166
Премьер-минстр Нарындын дарыясындагы крокодил үчүн Иманалиевден кечирим сурады


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев пресс катчысынын билдирүүсү үчүн Жоорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевден кечирим сурады. Бул тууралуу Нурдин Жолдошбеков фейсбук баракчасына билдирүү калтырды.


Маалыматка таянсак, 4-майда кечээ Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев телефон аркылуу Каныбек Иманалиевден кечирим сурап, Адилет Султаналиев кетирген катасы үчүн өкүнүп жатканын айтканы жазылат.



Эскерте кетсек, 30-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында  депутат Каныбек Иманалиев Өкмөттүн 1-майдан тартып ири ишканалар иштөөгө чыгат деген маалыматы боюнча пикирин айтып, анда Кыргыз өкмөтү Казакстандын билдирүүсүн көчүрүп алган деп сын айткан эле.


“Кыргызстанда машина куруу, тетик жасоо барбы? Андай болсо 1-майдан баштап кеме курууга, ядролук курал чыгарууга, атомдук курал-жарак иштеп чыгууга уруксат берилет деп жазбайсыздарбы. Кичине сыр сактасаңар боло, Казакстандыкын көчүрүп жазып алганыңарды билгизбей”, - деген депутат.

Ага өкмөт башчынын маалымат катчысы Адилет Султаналиев Жогорку Кеңештин депутаты өз өлкөсүнүн экономикалык структурасына караганда коңшу Казакстандын же чет мамлекеттердин мыйзам долбоорлорун жакшы ажыратып билет деп билдирген.


"Мүмкүн депутат өз өлкөсүнүн экономикалык структурасына караганда коңшу Казакстандын же чет мамлекеттердин мыйзам долбоорлорун жакшы ажыратып билер. Бирок депутаттын өлкө кандай жашап жаткандыгына жана эмне өндүрүп жатканына көбүрөөк көңүл бурганы туурадыр.   Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Дастан”, “Жунда”, Кыргызнефтегаз” жана башка өндүрүш ишканалардын иштөөсүнө уруксат берилген. Мындан сырткары автоунаа заводу "Автомаш-Радиатор" жана Бишкектеги машине заводу, ошондой эле Майлуу-Суудагы лампа заводу да иштей баштады.  Мындай ишканалар объектилер, алардын жумушчулары жана өндүрүү ишкердүүлүгү – бул Нарын дарыясындагы мифтик крокодилдер эмес. Алар реалдуу түрдө бар жана иштеп жатышат, жарандар иш менен камсыз болуп, айлык-акыларын алып жатышат”, - деген Султаналиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн