Бугу 16, 2024
Убакыт: 12:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Президент Баткен шаарында мектеп окуучулары менен жолукту

11.03.2020 09:09
1412
Президент  Баткен шаарында мектеп окуучулары менен жолукту


Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 10-мартта Баткен облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Баткен шаарындагы С.Айтматов атындагы орто мектепке барды, деп маалымдады президенттин басма сөз кызматы.


Мамлекет башчысы окуу класстарын, спорт залды көрүп чыгып, мугалимдер жана окуучулар менен пикир алышты.


Республикалык мелдештерде байгелүү орундарды ээлеп жүргөн мектептин волейбол боюнча кыздар командасына өзгөчө көңүл буруп, алардын машыктыруучусуна ыраазычылык билдирди.


Жергиликтүү тургундар менен баарлашууда Сооронбай Жээнбеков Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында билим берүү тармагын өркүндөтүүгө, балдарды окутуу процессине алдыңкы санарип технологияларын киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн