Кулжа 04, 2025
Убакыт: 21:55
USD
87.30
87.80
EUR
99.10
100.10
RUB
1.100
1.135

Президент 23-апрелде Венгрияга барат

26.02.2020 09:21
809
Президент 23-апрелде Венгрияга барат


Президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын 23-апрелинде Венгрияга иш сапар менен барат. Бул тууралуу Венгриядагы Кыргызстандын элчиси Бакыт Жусупов билдирди. Ал белгилегендей, акыркы 2 жылда Венгрия менен болгон кызматташтык жаңы деңгээлге чыкты.


«2018-жылы Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Бишкекке келди, бул премьер-министрдин деңгээлиндеги биринчи визит болду. Андан кийин биз Венгрия менен бизнес тармагында, мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташып жатабыз», - деди элчи.


Өлкө башчынын иш сапарынын алкагында стратегиялык кызматташтыкты орнотуу жана өнүктүрүү боюнча макулдашууга, мындан тышкары 11 документке кол коюлат. Алардын негизгилеринин бири — инвестицияны коргоо боюнча макулдашуу жана инвестиция тартуу. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн