Бештин айы 18, 2024
Убакыт: 21:05
USD
86.85
87.35
EUR
91.00
92.00
RUB
0.835
0.885

Президент Акылбек Жапаровду эмне себептен кызматтан алганын айтты

18.12.2024 15:42
25
Президент Акылбек Жапаровду эмне себептен кызматтан алганын айтты


Учурга чейинки жетишкендиктерге мурдагы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун да салымы бар, эми анын кызматтан кетишин ашыкча саясатташтыруунун кажети жок. Мындай пикирин мамлекет башчысы Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, өлкө бюджетин түзүүчү салык системасындагы акыркы оркойгон терс көрүнүштөр баарыбызды кейишке салды. 

“Маселен, акциз маркаларына байланышкан махинациялар ашкереленип жатат. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой бул тармак Акылбек Усенбековичтин түздөн-түз көзөмөлүндө болчу. Демек, салык системасындагы мыйзамсыз аракеттерди мурдатан эле токтотуп калуу мүмкүн эле”,- деди Садыр Жапаров. 

Ошондой эле, мыйзамсыз иш аракеттеринен улам, салык кызматынын жогорку жетекчилигинин кармалышы боюнча окуя азыр тергелип жаткандыктан, бул жерде жеке кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө үчүн аны кызматтан четтетүүгө мажбур болгондугун президент баса белгиледи. 

Андан соң, өлкө башчысы эл өкүлдөрүнө кайрылып, коом турмушу саат жебесиндей токтобой кете берээрин, андыктан биз да өз ишибизди токтотпой улантышыбыз керек деп белгиледи.

Белгилей кетсек, 16-декабрда министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров отставкага кеткен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн