Бугу 19, 2024
Убакыт: 11:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Президент БУУнын Башкы катчысына кайрылуу жолдоду

02.04.2020 15:07
791
Президент БУУнын Башкы катчысына кайрылуу жолдоду


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-апрелде, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Антониу Гутерришке кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.


Сооронбай Жээнбеков БУУнун Башкы катчысынын мүчө мамлекеттерге карата күчтөрдү бириктирүү жана коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн 2 млрд АКШ доллары суммасына гуманитардык иш-аракеттерин баштоо боюнча глобалдык план түзүү демилгесин колдоду.


Президент коронавирус инфекциясынын пайда болушу жана тез жайылышына байланыштуу дүйнөдөгү болуп жаткан оңой эмес кырдаалга көңүл бурду.


Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын эпидемияга каршы багытталган чаралары жөнүндө айтып берип, коронавируска каршы күрөшүүдө дуушар болуп жаткан кыйынчылыктарды белгиледи.


Президент ошондой эле дүйнө өлкөлөрү «COVID-19дун» адамзаттын алдына койгон чакырыктарын жеңип чыгаарына ишенимин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн