Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 08:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президент «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамга кол койду

13.08.2022 19:56
420
Президент «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. 


Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, МыйзамЖогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.


Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын Конституциясынын айрым беренелерин ишке ашыруу, ошондой эле, банк иштери чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды шайкеш келтирүү жана системалаштыруу, ички карама каршылыктарды жоюу жана банк мыйзамдарындагы боштуктарды толтуруу болуп саналат.


Мыйзам банк иштерин жүзөгө ашыруудагы маселелерди, банктарды түзүү, реструктуризациялоо, жоюунун тартибин, ошондой эле банктык сырды камтыган маалыматты берүү тартибин жөнгө салат.


Мындан тышкары, Мыйзам менен банктык көзөмөлдү, аудитти жүргүзүүнүн, банкты финансылык жактан чыңдоонун, банктарга колдонула турган таасир этүүчү чаралардын укуктук негиздерин аныктайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн