Бугу 09, 2024
Убакыт: 07:01
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Президент Баткен облусуна 3 млн долларлык 46 даана жол тейлөө техникасын берди

10.03.2020 16:34
1112
Президент Баткен облусуна 3 млн долларлык 46 даана жол тейлөө техникасын берди


Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусундагы иш сапарында аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында ишканаларды ачуунун, аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүүнүн жана атамекендик продукцияларды экспортко чыгаруунун үстүндөгү иштер активдүү улантыла тургандыгына токтолду.


Андан ары мамлекет башчысы Дүйнөлүк банктын көмөгү менен «Борбордук Азиядагы жол катнаштарын жакшыртуу программасы» долбоорунун алкагында өткөрүлүп берилген жол тейлөө техникаларын көрүп чыкты.


Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк банкка аталган долбоорду ишке ашырууга көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. 


Жол тейлөө тармагына жалпы баасы 3 млн АКШ доллар суммасындагы 46 даана жол тейлөө техникасы берилди.


Президент ошондой эле транспорт түйүндөрүн модернизациялоо аймактардын экономикалык потенциалынын ачылышына шарттарды түзөөрүн кошумчалады.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн