Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:04
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Президент Баткен облусуна иш сапары менен барат

10.03.2020 11:07
869
Президент Баткен облусуна иш сапары менен барат


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-мартта Баткен облусуна эки күндүк иш сапары менен учуп кетти, деп маалымдады президенттин басма сөз кызматы.


Иш сапарынын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков калкты таза суу менен камсыздоо, ирригация түйүндөрүн кеңейтүү, ошондой эле инфратүзүм жана айыл чарба долбоорлорунун ишке ашуусу менен таанышат.


Мындан сырткары, Баткен облусунун билим берүү, социалдык жана маданий объектилеринин абалынан кабар алат.


Президент ошондой эле, Лейлек районунун тургундары менен жолугушуу өткөрөт.


Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Мамлекет башчысы Чүй облусунун Ысык-Ата районуна барган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн