Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 17:11
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Президент Баткендеги чек арачылар менен баарлашып, чогуу тамактанды

13.08.2020 10:04
1559
Президент Баткендеги чек арачылар менен баарлашып, чогуу тамактанды


Мамлекет аскер кызматчыларын, өзгөчө биздин чек араны кайтаргандарды колдоону улантат, - деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков 12-августта, Баткен облусундагы чек арачылар үчүн жаңы турак-үй курулушунун пайдубалын түптөөгө катышып жатып. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 


Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев турак-үйдүн курулушу Мамлекеттик чек ара кызматынын коңшу Тажикстан жана Өзбекстан менен мамлекеттик чек араны коргоо боюнча милдеттерин аткарып жаткан 2022-аскер бөлүгүнүн кызматкерлери үчүн каралгандыгын билдирди. Кызмат имараты үч кабаттан туруп, 24 батирге ылайыкташкан.


Жогоруда аталган үйдүн курулушу аяктаган соң татаал шартта кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлери ыңгайлуу турак-үй менен камсыз болушат.


Мамлекет башчысы аскердик бөлүктүн аймагын көрүп чыгып, аскер кызматкерлери менен бирге тамактанды. Алар менен баарлашып жатып, президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн мамлекеттик чек арасын коргоо анын көз карандысыздыгынын негиздеринин бири экендигин айтып, кызмат өтөө үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү жана аскер кызматчыларынын жашоосун жакшыртуу ар дайым мамлекеттин артыкчылыгы болорун белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн