Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 23:07
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Президент Бишкек мэриясынын муктаждарды колдоо иши менен таанышты (фото)

20.04.2020 14:51
1117
Президент Бишкек мэриясынын муктаждарды колдоо иши менен таанышты (фото)


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-апрелде Бишкек шаардык мэриясынын өзгөчө абал шартында калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам көрсөтүү боюнча ишмердиги менен таанышты деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.


Мамлекет башчысы «Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасына барды. Бул ишкананын базасында борбор калаанын Октябрь районунда жашаган муктаж жарандар үчүн өкмөт, муниципалитет тараптан жана ишкер чөйрө менен эл аралык фонддордон келип түшкөн гуманитардык жардам таңгакталып, бөлүштүрүлөт.


Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов бул сыяктуу борборлор шаардын бардык райондорунда ачылып, жардамга муктаж 85 миң үй-бүлөнүн тизмеси түзүлгөнүн айтты. Муниципалитет жардамга муктаж жарандарга колдоо көрсөтүүнүн экинчи этабына киришип жатат.


Бүгүнкү күндө борбор калаадагы 42 миңден ашык жардамга муктаж үй-бүлө, Бишкек шаарына жакын жашаган Чүй облусунун 2,5 миң үй-бүлө азык-түлүк топтому менен камсыз болду.


Өкмөт тарабынан 300 тонна ун бөлүндү. Жакынкы мезгилде дагы 300 тонна ун, 90 тонна кумшекер, 30 миң азык-түлүк топтомун бөлүү мерчемделүүдө.


Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бул максатта жалпысынан 16 миң азык-түлүк топтому бөлүнүп берилет. Ошондой эле бизнес коомчулугу менен эл аралык кайрымдуулук фонддорунун өкүлдөрү дагы чоң колдоо көрсөтүп жатышат.


Президент азыркы тапта өлкө боюнча облустардын, райондордун, шаарлардын бардык жетекчилери чоң сыноодон өтүп жаткандыгын айтты. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн