Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 00:49
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиев атындагы парк ачылды (фото)

07.05.2020 17:14
1897
Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиев атындагы парк ачылды (фото)


Бүгүн, 7-майда Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин атындагы парктын ачылышы болуп ага президент Сооронбай Жээнбеков катышты.


“Чолпонбай Түлөбердиев өз өмүрү менен Мекенин баскынчылардан коргоп калган баатырларыбыздын бири. Чолпонбай Түлөбердиев сыяктуу биздин аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын улуу эрдиктерин эсибизге сактоо жана аны кыргыз элинин өсүп келе жаткан муунуна жеткирүү биздин ыйык милдетибиз болуп саналат. Биз бүгүн тынч заманда жашап жатабыз. Бул үчүн биз арабызда жүргөн ардактуу ардагерлерге жана Согуштан кайтпай калган баатырларга милдеттүүбүз”, — деди Жээнбеков.


Мамлекет башчысы Жеңиш күнү өтө көп жоготуулар менен жетишилген улуу майрам экенин белгилеп, бүтүндөй СССРден согуш маалында 27 миллионго жакын адам курман болгонун айтты.  


Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги Бишкек шаарынын батыш бөлүгүндөгү аты коюлган паркта ачылды. 11 гектарды ээлеген парктын аймагы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан толук оңдолуп- түзөлгөн.


Аталган паркка Чолпонбай Түлөбердиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө демилгени Кубанычбек Керимбеков жетектеген Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиев атындагы коомдук фонд көтөргөн.


Эстеликтин скульптору — Марлен Бакачиев.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн