Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:28
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Президент Чүйдө күнүнө 100 миң даана бет кап чыгарган өндүрүш иши менен таанышты

16.07.2020 15:00
1424
Президент Чүйдө күнүнө 100 миң даана бет кап чыгарган өндүрүш иши менен таанышты


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июлда Чүй облусунун Чүй районундагы «Текстиль транс» ЖЧКсы текстиль фабрикасынын ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ишкананын негиздөөчүсү Алмазбек Абдраев пандемия учурунда жумуш орундарын сактап калуу максатында жарандык демилге көтөрүлүп, ишкана тез аранын ичинде медициналык максатта колдонула турган жеке коргонуу шаймандарын өндүрүүгө өткөнүн маалымдады.

Тактап айтканда, медициналык бет каптардын үч түрүн: беш катмарлуу KN 95 респиратор бет кабы, KN 95 клапаны менен беш катмарлуу респиратор бет кабы жана үч катмарлуу медициналык бет каптарды өндүрүү үчүн шаймандар сатылып алынган.

Фабрика түрүнө жараша, күнүнө 100 миң даанага чейин бет кап чыгара алат.

Учурда линияларды ишке киргизүү үчүн бардыгы даяр. Бирок Алмазбек Абдраевдин айтымында, тиешелүү мамлекеттик органдардын продукцияны өндүрүү үчүн сертификаттарды алууда маселе жаралууда.

Мындан тышкары, медициналык бет каптарды өндүрүүгө керектүү чийки заттарды алып келүүдө чек арада көйгөйлөр бар.

Президент Сооронбай Жээнбеков учурдагы түзүлгөн кырдаалда бул ишкананын социалдык багытта иштеп жатканын канааттануу менен белгиледи.

Коронавирус инфекциясы жайылып жатканда бул ооруга каршы күрөшүүдө өз салымдарын кошуп жаткан ишкерлердин ролу чоң экенин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ата мекендик жеңил өнөр жай жана фармацевтика тармагы медициналык мекемелердин жана коомчулуктун жеке коргонуучу шаймандарга жана медициналык каражаттарга болгон талабын канааттандыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин белгиледи.

Мындай демилгелер азыркы шартта ар тараптуу колдоого татыктуу.

Ушуга байланыштуу Сооронбай Жээнбеков медициналык аппараттарды толук кандуу чыгарууга тоскоол болгон маселелерди чечүү өкмөткө сунушталат деп ишендирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн