Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:42
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Президент Дүйнөлүк банктын өкүлү менен пандемиянын кесепеттерин жеңүү чараларын талкуулады

16.06.2020 19:54
808
Президент Дүйнөлүк банктын өкүлү менен пандемиянын кесепеттерин жеңүү чараларын талкуулады


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июнда Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия региону боюнча вице-президенти Анна Бьерде менен видеоконференция форматында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги, биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышы, ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясынын экономикалык кесепеттерин жеңип чыгуу боюнча чаралар талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Анна Бьердени жогорку кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, Дүйнөлүк банк өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу боюнча өлкөнүн артыкчылыктуу өнөктөштөрүнүн бири болуп саналарын белгиледи.

Мамлекет башчысы кыргыз тараптын өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен жигердүү жана тыгыз кызматташууга ниеттенип жатканын баса белгиледи.

Дүйнөлүк банкка илдет менен күрөшүүдө Кыргызстанга биринчилерден болуп колдоо көрсөтүп баштагандыгы үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.

Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясы пандемиясына карабастан, энергетика, айыл чарба, аймактарды өнүктүрүү жана калкты таза суу менен камсыз кылуу чөйрөлөрүндөгү долбоорлорду өз маалында ишке ашыруу боюнча жигердүү ишке даярдыгын баса белгиледи.

Анна Бьерде кызматташтык үчүн ыраазычылык айтып, кыргыз тараптын Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсеси менен активдүү өз ара аракеттешүүсүн канааттануу менен белгиледи.

Ал белгилегендей, коронавирустун жайылышынын кесепеттери менен күрөшүү азыркы тапта Дүйнөлүк банктын ишмердүүлүгүндө артыкчылык берилген багыт катары аныкталган.

Бүгүнкү күндө Банк тарабынан пандемия менен күрөшүү үчүн Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына 21 млн АКШ доллары бөлүнгөн.

Мындан сырткары, экономиканын төмөндөө шартында кризиске реакция кылып, калкка социалдык колдоо көрсөтүүдө чакан жана орто бизнести колдоо боюнча жаңы долбоорлор даярдалып жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн