Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Президент ЕАЭБдин бажы аймагындагы тоскоолдуктарды жоюу маселесин көтөрдү (фото)

19.05.2020 16:29
1017
Президент ЕАЭБдин бажы аймагындагы тоскоолдуктарды жоюу маселесин көтөрдү (фото)


Азыркы шартта ЕАЭБ ичинде товарлардын эркин жүрүүсү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн актуалдуу болуп калды, деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-майда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынында.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысы Биримдиктин ички бажы аймагындагы тоскоолдуктарды жоюу маселесине көңүл бурду.

«Биринчи керектелчү продукцияларды жеткирүүдө „жашыл коридорлорду“ түзүү жөнүндө макулдашууга жетишкенбиз. Ага карабастан, Биримдиктин айрым мүчө-мамлекеттери тарабынын көзөмөл күчөтүлүп, азык-түлүктөрдү жеткирүүгө чектөөлөр киргизилүүдө», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын ыйгарым укуктары жетишсиз болгондуктан, тоскоолдуктарды жоюунун колдо бар механизмдери натыйжасыз болуп жаткандыгын баса белгиледи.

ЖЕЭКтин кезектеги жыйыны бүгүн, 19-майда, видеоконференция режиминде өттү.  Кыргыз Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын Президенттери жана Армения Республикасынын Премьер-министри ЖЕЭК мүчөлөрү болуп саналат.

ЖЕЭК жыйынына ошондой эле байкоочу өлкөнүн башчысы катары Молдованын президенти катышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн