Бугу 16, 2024
Убакыт: 07:58
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Президент Элмирбек менен коштошууга келе албай калганына өкүндү, - Султан Раев

22.04.2020 11:48
9396
Президент Элмирбек менен коштошууга келе албай калганына өкүндү, - Султан Раев

 

Улуу инсан, кыргыздын белгилүү, таланттуу төкмө акыны, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиевди бүгүн, 22-апрелде акыркы сапарга узатуу иш-чарасына маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, КР президентинин кеңешчиси Султан Раев, Республикалык “Айтыш” коомдук фондунун негиздөөчүсү, ЖК депутаты Садык Шер-Нияз катышты. 


Маданият министри коштошуу иш-чарасын алып барып жатып, кыргыз эли орду толгус жоготууга учурап жатканын, маркумдун өз эли үчүн жараткан эмгектери эч качан унутулбай турганын белгилеп өттү.



Андан соң сөз Султан Раевге берилип, президент Сооронбай Жээнбековдун атынан маркумдун жакындарына, бир туугандарына жана экран аркылуу көрүп жаткан 6 млн элге көңүл айтып, аза кайгысы менен тең бөлүшө турганын билдирди. “Президент жеке өзү ушул жерге келип, төкмө акынды узатуу зыйнатынын башында турсам болмок деген чын жүрөгүнөн өкүнүчүн билдирди эле. Өзүңөр билгендей, бирок кырдаал ага жол берген жок”, - деп айтты ал. Раев кыргыз журту улуу инсанын, жылдызын жоготуп, асман бош калганын айтып, элге кайрат тиледи.



Мындан тышкары, достору, төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр, Таалай Керималиев, жердеши профессор Жамгырбек Бокошов, бир тууган агасы Айдабек Иманалиев жана шакирттеринин атынан төкмө акын Азамат Болгонбаевдер сөз сүйлөштү.


Маркум акыркы сапарга “Туңгүч” кичи районундагы үйүнөн узап, “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду. 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Ашира
Маданиятты мыкты билген, Шерниязга, Казактардан жазылган кат келиптир. Карабадың неге сен Токтогулдун.., Тонун кийген Элмирбекке -деп кеиптир. Алын сурап койбосуңбу - дегенинде, Анча- мынча маани жатат- дебегиле. Ансыз деле айтпасамда түшүндүңөр, Жазылганын жеткире жеберине... Ашира Кулишева Кара Үнкүр айылы