Теке 06, 2024
Убакыт: 08:34
USD
85.80
86.70
EUR
92.50
93.50
RUB
0.955
1.000

Президент: Финансы жана экономика кызматкерлеринен абийирдүүлүк талап кылынат

07.06.2020 10:26
522
Президент: Финансы жана экономика кызматкерлеринен абийирдүүлүк талап кылынат


Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн финансы жана экономика чөйрөсүнүн кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады, деп маалымдады президенттин басма сөз кызматы.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу финансы жана экономика кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргызстандын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Элибиздин турмуш деңгээлин жакшыртуу — экономиканы өнүктүрүүдөн жана анын технологиялык структурасын жаңылоодон көз каранды, ал эми жашоо сапатын жогорулатуу финансы чөйрөсүнүн натыйжалуулугу жана ачыктыгы менен тыгыз байланышкан.

Ушул максаттарды ишке ашыруу — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары катары аныкталган. Өлкөбүздүн финансылык жана экономикалык туруктуулугун камсыздоого багытталган сиздердин жогорку кесипкөй эмгегиңиздерди коомубуз жогору баалайт.

Бул маанилүү милдетти аркалоо — сиздерден абийирдүүлүктү, Мекенге берилгендик менен кызмат кылууну талап кылат. Биргеликте жасалган аракеттер менен алдыга коюлган асыл максаттарга жетебиз деп ишенем.

Сиздерге бекем ден-соолук, бакты-таалай, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм».

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн