Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июнда Ош шаарында Июнь окуясында каза болгондордун туугандары жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.
Мамлекет башчысы менен болгон жолугушууга «Бирдиктүү эл», «Ош окуясында дайынсыз балдардын энелери», «Шейиттер биримдиги», «Ош окуясынын дайынсыздары», «Түштүк коогалаңынын шейиттеринин Өчпөс от» сыяктуу коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Сооронбай Жээнбеков аларга дагы бир жолу көңүл айтып, туугандары менен жакындарынан ажыроо көп жыл өтсө дагы оор кабылданган орду толгус жоготуу болуп кала берерин белгиледи.
Көп улуттуу Кыргызстан үчүн этностор аралык ынтымакты сактоо өтө маанилүү маселе экенин дагы бир жолу белгиледи.
Жолугушуунун катышуучулары учурдагы коомдук-саясий кырдаалга, өлкөдөгү улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө тиешелүү маселелерди көтөрүшүп, Ош шаарынын мэри менен Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ишмердүүлүгүнө канааттанууларын билдиришти. Ошондой эле жеке мүнөздөгү суроолор дагы берилип, жооптор алынды.
Президент жолугушуунун катышуучуларына алардын сабырдуулугуна жана туугандары менен жакындарын жоготконуна карабастан, жашоого болгон ишенимин жоготпой, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп жатышкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Кыргызстан ушундай жарандары менен күчтүү экенин баса белгиледи.
Каза болгондорду эскерүү менен катар өлкөнүн мындан аркы өнүгүшү үчүн биргелешип аракеттенүүгө чакырды.
Мамлекет башчысы аларга дагы бир жолу бакубаттуулук жана бекем ден соолук каалады.
Президент Сооронбай Жээнбеков алар тарабынан айтылган маселелерди чечүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин көңүл борборунда экенин баса белгиледи.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн