Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 00:23
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Президент ККМ колдонуу боюнча комментарий берди

06.12.2023 15:33
709
Президент ККМ колдонуу боюнча комментарий берди


Бүгүн, 6-декабрда президент Садыр Жапаров күн мурун бүгүн "Кабар" маалымат агенттигине маек куруп, ККМ боюнча кеңири түшүндүрмө берди.

— Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич!

— Саламатчылык!

— Кечээки иш күнүңүзгө байланыштуу суроолорду берүүгө уруксат этсеңиз. “Дордой” базарына барып ишкерлер менен жолуктуңуз. Ал жакка эмнеге сиз бардыңыз? Башка жооптуу кызматкерлерди жөнөтсөңүз болбойт беле?

— Жооптуу кызматкерлерди, тагыраагы, салыкчыларды бир жылдан бери эле жөнөтүп келебиз. Алар маселени элге туура, так түшүндүрүштүн ордуна, өздөрү тескери үгүттөгөн учурлар аныкталып калды. Анткени соодагерлер ККМге өтүп кетсе, алардын чөнтөгүнө эч нерсе түшпөй калат экен. Ошол үчүн өзүм бардым. Базарда соода кылгандардын митингге чыкканын көрүп: "Мага так маалыматтарды териштирип келип бергиле", - деп жумушчу топ жөнөткөн элем. Өзүмдүн жеке булактарым аркылуу дагы Өкмөт жөнөкөй элди кыйнап жаткан жокпу деп маалымат чогулткам. Баарын билип алып анан карапайым соодагерлердин өз ооздорунан дагы угуп, мөөнөтүн узартып берейин деп бардым.

— Жолугушуу башталганда эле “үчүнчү күчтөр” жөнүндө да айтып кеттиңиз? Бул эмне болгон күчтөр? Ал жакка келген соодагерлердин көпчүлүгү өз ыкыласы менен эле ККМге, салык саясатынын жаңылыктарына каршы чыкканын айтып кыйкырып атышты, же Сизде башка маалымат барбы?

— Жөнөкөй соодагерлердин ичинде кыпындай да кир жок. Ал байкуштар өз проблемаларын чечип алсак болду деп митингге чыгышты. Аларды туура эле түшүнөбүз. Ал эми алардын митингге чыкканынан пайдаланып кетели деген илгерки "чоң акырдан жем жеп" жүргөндөр, бүгүн ишсиз калгандар, криминалдар бири-бирине телефон чалышып, "сен тиги базарга бар, сен бул базарга бар, элди болушунча көбүрөөк чыгаргыла" деп сүйлөшкөндөрү бар.

Айрымдары өз адамдарын каржылап да жиберишти. Мунун баары атайын кызматтардан каттоодон өттү. Эгер атайын кызмат тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн жашыруун эмес десе, маалымат булактарынан сөздөрүн угуп калаарсыңар. Ошол үчүн мен аларга: "Үчүнчү күчтөр силерди пайдаланып кетпесин", - деп айттым. Ичинде кири жок жөнөкөй соодагерлер андай күчтөр арасына кирип алып иштеп атканын кайдан билишсин. Ошол үчүн артыбызда эч ким жок деп кыйкырып атышпайбы. Туура эле түшүнсөк болот.

— Жолугушуу учурунда бир топ адам салыктын бир нече түрүн төлөп келерин айтышты. Ошол эле учурда мамлекет тараптан кур дегенде базарда башка өлкөлөрдүн базарларындагыдай шарт түзүп коюшпайт: “кышы суук, жайы ысык” деген дооматтарын билдиришти.

— Бул дооматтары эң туура. Албетте, биринчи кезекте мамлекет эмес, 30 жылдан бери ошол базар ээлери, контейнер ээлери шарт түзүп бериш керек эле. Ал эми Өкмөт болсо ошону уюштуруштун үстүндө иштеш керек болчу. Мына эми биз азыр ошол уюштуруу иштерин колго алып баштадык. Ар бир контейнер үчүн базар ээси жер акысын алса, контейнер ээси олчойгон ижара акысын алып келет. Ошолор шарт түзүп бериш керек эле да. Керек болсо өнүккөн өлкөлөрдөй килейген имаратттарды куруп, жабык базар салып бергенге кудуреттери жетмек.

Элестетиңиздер, ар бир контейнерден ижара акысы деп 3000 доллардан 13000 долларга чейин алышат. Же андан бир доллар салык төлөбөйт. Ондон ашык контейнери бар мурдакы чиновниктер да бар. Сот, прокурор, УКМКнын кызматкерлеринин дагы контейнерлери бар деген маалыматты кечээ мен эл арасынан алдым.

Базар ээлери болсо ар бир контейнер үчүн жер акысы деп 2000 сомдон 10 миң сомго чейин алышат. Базарда жалпысынан 20 миңге жакын контейнер бар. Биз эми ошол байларга салык төлөтөлү, кедейлерди салыктан бошотолу, эң жок дегенде орто байларга теңелип алсын деп жатабыз.

— Жолугушууда сиз: “Жылдык товар айлантуусу 8 млн сомдон ашпагандар патент да албайт, эч бир салык төлөбөйт. Керек болсо бул чекти 15 млн сомго чейин көтөрүп берели”, - дедиңиз. Жылдык товар айлантуусу 8 же 15 млн сомго чейинкилерге мындай артыкчылык берүүнүн максаты эмне?

— Былтыр мен: "Жылдык товар жүгүртүүсү 8 миллиондон ашпаган соодагерлер үчүн эч бир салык болбосун, патент дагы албасын, жөн гана соода кыла беришсин" деп айткам. Ал эми кечээ жумушчу топ түзүп жөнөткөнүмдө товар жүгүртүүсү 8 миллиондон ашкан соодаргерлер көп экен билинди. Ошол үчүн бул сумманы 15 миллионго чейин көтөрүп берүү чечимин кабыл алдык.

Максатыбыз — сооданы жаңы баштаган же кедейликтен чыга албай жаткан жөнөкөй соодагерлерди тез арада бутуна тургузуп, эң жок дегенде орто байлардын деңгээлине жеткирүү. Биздин милдетибиз жана максатыбыз - жакыр адамдарды жакырчылыктан чыгаруу.

— Ошол эле учурда “Дордойдогу” ишкер айымдардын бирине “8 млн сомдон ашпаса, эч нерсе төлөбөйсүз десеңиз, “жок мен патент менен эле иштейм” деп атат. Патент системасы ушунчалык жакшы түзүлгөнбү? Мунун сыры эмнеде?

— Мунун сыры жөнөкөй. Биринчиден, товар жүгүртүүсү 15 миллиондон ашат. Экинчиси, соодагерлердин артында шыкактаган “оптовиктер”, базар ээлери, контейнер ээлери турушат.

Элестетиңиздер, сиздин товар жүгүртүүңүз 15 миллиондон ашабы деп сурасам, “жок, ашпайт” дейт. Анда эмнеге патентке жылына 40-50 миң сом акча төлөп атасыз, ошол акча чөнтөгүңүзгө калсын, сиз эч нерсе төлөбөй соода кылып, тезирээк бутуңузга туруп алыңыз да десем, жооп бере албайт. Мен патентке төлөй берем деп атпайбы.

Эгер ал кишинин ордунда соодасы чындап эле 15 миллиондон ашпаган соодагер болгондо дароо эле: “Азыр алып кел ошол ККМиңди, мен бүгүндөн баштап колдоно баштайм, эч нерсе төлөбөйм”, - демек да.

— ККМди базарларга коюунун башкы максаты эмне? Эгер анын максаты жакшы болсо, соодагерлер эмнеге каршы чыгышууда?

— ККМди базарларга киргизүү максатыбыз - көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу.

Кытайдан бизге өткөн товарлардын көлөмү 14 миллиард долларды түзөт. Биздин статистикалык маалыматтарга келгенде 4 миллиард доллар болуп калып атпайбы. Демек, көмүскө экономикага кирип кетип жатат. Дүңүнөн сатып жиберишип, салык төлөбөй чыгып кетип жатышат.

ККМ киргизүү жолу менен гана биз республикада канча товар айланып жатканын көрө алабыз.

Патент менен олтура берсек, дагы 50 жылда да көрө албайбыз. Биздин максат патентти жок кылуу эмес. Патенттен болгону 35 миллион сом түшөт. Патентти он эсе көтөрсөң да биздин бюджет үчүн деңиздин бир тамчысындай эле. Биз ККМ аркылуу оптовиктердин товар жүгүртүүсүн, жалпы экономиканы ачык көрүп туралы деп атабыз.

Цивилизациялуу өлкөлөр, керек болсо жакынкы кошуналар дагы эбак эле ККМге жана санариптештирүүгө өтүп кетишкен. Биз эле өтө албай жатабыз. Салыкты жашыргандарды аныктап чыгып, толук салык алсак пенсия-жөлөк пулдар, эмгек акылар мындан да эки-үч эсеге көтөрүлөт. Мамлекет күчтөнөт. Эл жакырчылыктан чыгат. Элдин өзүнө эле жакшы болот да.

— Кийинки жылдын 1-июлунан тартып ККМ бардык жакка киреби же патент менен иштөө тартиби калып калышы ыктымалбы?

— Бул маселеге мен өзүм киришпесем болбой калды окшойт. Кечээ тапшырма бердим. Комиссия түзөлү, комиссияга мүчө кылып ар бир базардан, адаттагыдай базар ээлерин же контейнерлери бар байларды эмес, жөнөкөй соодагерлерден кошолу, анан 1-июлга чейин абдан кылдат иштеп чыгалы. Анан ККМ киреби же башка бир жолун табабызбы, айтор, чечим кабыл алабыз.

— Акыркы суроом, элди митингге үндөгөндөр жазасыз кала береби?

— Эгер ушинтип улам-улам үндөп митинг кыла беришсе, алардын маселесин беш секундда чечебиз. Базарларга Өкмөттүн атынан “Кумтөргө” тышкы башкаруу киргизгендей, тышкы башкаруу киргизебиз. Тез арада баарын ревизия кылып чыгабыз.

Мурдакыларынан бери баарын казып чыксак эле мүлктөр, суммалар ачыкка чыгып калат. Эскинин баарын төлөөгө туура келип калат. Ага чейин барбай эле коелу деп күч органдарын токтотуп атам. Анткени баары эле өзүбүздүн жарандар. Аларга мүмкүнчүлүк берели дедим. Мыйзамдын негизинде легализация кылып алышсын деп соодагер-бизнесмендерге эле эмес, мурдакы чиновниктерге, азыркы чиновниктерге, дегеле мүлктөрү башка бирөөлөргө катталган элдин баары үчүн мыйзам да кабыл алып бердик. Ушул мыйзамдын негизинде элдин баары өз мүлктөрүн ачыкка чыгарып, легализация кылып, өз аттарына каттап алышса болот. Ошол эле контейнери бар бай адамдардын, базар ээлеринин беш-алтыдан квартиралары, акыркы үлгүдөгү Лексус-570тери барлар бар. Башка аттарга каттатып коюшкан. Легализация кылып өз аттарына каттап алышсын. Ал үчүн жакшы шарт түзүп бердик. Буга чейин баарыбыз эле мүлктөрүбүздү башка бирөөнө каттатып келгенбиз да. Бул жашыруун деле эмес.

Ошол эле контейнер ээлери дагы контейнерлерин башка бирөөлөрдүн аттарына каттатып коюшкан. Эми ошол мүлктөрүн ачыкка чыгарып өздөрүнө каттатышса болот.

Биз: “Буга чейинкинин баарын унуталы, өткөнгө кайрылбай артка таштайлы”, - деп айтып келебиз. Эми мындан ары жашырмай жок. Келгиле, баарын ачык көрсөтүп, ачыкка чыгаралы, ачык салык төлөп туралы деп атабыз.

Азырынча эч ким ачыкка чыгара элек. Мен өзүм баштап берейин деп жатам. Жакында менин канча мүлкүм бар экенин билесиздер.

Маектешкен: Медербек Шерметалиев

Булак: "Кабар" агенттиги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн