Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 19:10
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Президент: Камчыбек Кыдыршаевичке Кыргыз футбол федерациясынын башына өзүң барчы деп сунуш кылдым

31.01.2024 09:48
798
Президент: Камчыбек Кыдыршаевичке Кыргыз футбол федерациясынын башына өзүң барчы деп сунуш кылдым


Мындан бир нече күн мурун Кыргыз футбол союзунун аткаруу комитети менен президенти мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырды. Мындай чечим улуттук курама командасынын 2023-жылкы Азия Кубогундагы өткөргөн оюндарынын жалпы жыйынтыгына байланыштуу кабыл алынган. "Ак шумкарлар" Азия Кубогунда өз тайпасында үч оюнга чыгып, бир гана упайга ээ болуп акыркы орунду алды. Улуттук курамага ишенип, аягына чейин жан тарткан күйөрмандар оюндун мындай жыйынтыгына нааразы. Бул боюнча президент Садыр Жапаров ”Кабар” агенттигине өз пикирин билдирди. 

— Белгилүү болгондой, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия кубогунда жакшы жыйынтык көрсөтө алган жок. Эки жолу жеңилип, бир жолу тең чыгып, ошентип, оюнун жыйынтыктады. Акыркы жылдары спортчуларга, анын ичинде футболчуларга да жакшы эле шарттар түзүлүп жаткандай. "Барселона" оюнчулары келишти, академиясы ачылды дегендей. Бирок жакшы жыйынтык жок.

— Ооба, акыркы убактарда тиешелүү шарттарды түзүп берип, ырааттуу каржылоону баштадык. Бирок дароо эле жыйынтык күткөнүбүз адилетсиз болуп калат. Чындыгында, мурда футболчуларга жакшы көңүл бурулбай келген экен. Каржы маселеси толук чечилбептир. Былтыртан бери каржы маселесин чечип келе жатабыз. Стадиондорду дүйнөлүк стандартка ылайык келтирип, жаңылай баштадык. Быйыл беш миллион доллар акча бөлүп берели деген ниеттебиз. Кыскасын айтсам, жыйынтыгын, жок дегенде, үч-төрт жылдан кийин күтөлү да. Анын үстүнө Кыргыз футбол союзунун башында катуу көзөмөл кылган бирөө турбаса, жыйынтык чыгышы кыйын. Эң негизгиси, футболчулардын машыгуусуна кылдат көңүл буруш керек. Тартип болуш керек. Аны жакшы билебиз. Ошол үчүн кечээ Камчыбек Кыдыршаевичке: “Кыргыз футбол федерациясынын башына өзүң барчы” деп сунуш кылдым.

— Спортто машыктыруучунун ролу канчалык? Айрыкча тренерди сырттан алып келүү зарылдыгы барбы?

— Албетте, машыктыруучудан көп нерсе көз каранды. Машыктыруучу ар бир көнүгүүнү кылдат жасатпаса, спортчунун жүрөгүнө жүк келтирип, ден соолугун бузуп алышы мүмкүн. Ошондуктан өз ишин жакшы билген машыктыруучу болуш керек. Ар бир футболчу оюн талаасында кайсы позицияда ойносо пайда алып келерин так көрө билиши зарыл. Ошол үчүн, азырынча, биз сырттан машыктыруучу алып келгенге мажбурбуз. Кудай буюрса, “Барселона” клубунун филиалы ачылып жатпайбы. Клуб өз жемишин 10-15 жылда бере баштайт. Бул клубду бүтүп чыккан балдарыбыз дүйнөлүк деңгээлде ойной башташат. Кийин бара-бара машыктыруучулук деңгээлге жетишет. Ошондо анан өзүбүздөн машыктыруучулар чыгат.

— Айрым жарандарыбыз “футбол бизге жарашпайт, көк бөрү эле ойнойлу, командалык оюнга жок экенбиз” дегендей ызаланган пикирлерин билдирип чыгышты. Сиздин пикириңиз кандай, келечекте футбол боюнча улуттук курама командабыз эл аралык деңгээлде өздөрүн көрсөтө алабы?

— “Үмүтсүз – шайтан” дейт. Үмүт үзбөшүбүз керек. Көк бөрү деле командалык оюн да. Келечекте футбол боюнча Кыргызстан бүгүнкү күндө күрөштө кандай жыйынтык көрсөтүп жаткан болсо, дал ошондой жыйынтык көрсөткөн деңгээлге жетет деп ишенели. Сабыр кылып тургула.

Маектешкен: "Кабар" КУМА директору Медербек Шерметалиев

Булак: “Кабар” агенттиги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн