Бугу 14, 2024
Убакыт: 13:52
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Президент: Кырдаалдын курчушуна жол бербөөдө жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги чоң

19.06.2020 13:43
1156
Президент: Кырдаалдын курчушуна жол бербөөдө жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги чоң


Кырдаалды көзөмөлдө кармап, анын курчушуна жол бербөө үчүн жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги чоң, деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июнда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысы муну менен өлкөнүн айрым шаарлары менен райондорунда өзгөчө кырдаал режими алынып, комендатуралардын иши токтогондо эле эскерткендигин эске салды.

Ал облустардын жетекчилеринин, райондордун акимдеринин, шаар мэрлеринин кырдаал үчүн жеке жоопкерчилигин дагы бир ирет баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков коомдук транспорт илдетти жугузуп алууда дале эң кооптуу жай боюнча калып жатканына көңүл бурду.

«Талаптарды аткарбай жаткан коомдук транспорт компанияларына карата тийиштүү чаралар көрүлүшү керек. Ресторан, кафелерге уруксат берилген. Бирок, алар да коюлган талаптарды так аткарууга милдеттүү», - деп белгиледи президент.

Мамлекет башчысы бул илдетти алдын алууга ар бир жаран катышууга жана дарыгерлердин айткандарын аткарууга милдеттүү экенин кошумчалады.

Айрым жарандар өздөрү оорубай, бирок вирусту алып жүрүүчү катары коомго коркунуч жаратып жатканын баса белгиледи.

«Ошондуктан коомдук жайларда беткап режимин катуу сактоо, оорунун белгилери байкалса, обочолонуу талаптары актуалдуу бойдон калууда», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент илдетти жугузуп алуу тобокелдиги чоң болгон кары-картаңдарга кам көрүүнү күчөтүүнүн өзгөчө зарылдыгын баса белгиледи.

Мындан сырткары, чет элден келип, 14 күнгө карантинге, обсервацияга алынгандар катуу көзөмөлдө болушу керектигине көңүл бурду. Себеби, коомчулукта ушул сырттан келгендер эле жугузбаса, кайдан жугуп жатат деген сөздөр арбын.

Президент Сооронбай Жээнбеков Республикалык штабга, Саламаттыкты сактоо министрлигине, облус жетекчилерине, район акимдерине жана мэрлерге илдет менен күрөшүү темпин мурдагыдан да күчөтүү талабын койду.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Гулзат Турдубековна
пандемия жайылбашы учун ар бир автобус же машрут каттамдарынын конечныйында дезинфекция жасаган адам туруу керек ар бир шаарды айланып келген кезде дезинфекция кылса адамдарга жайылбай аткени транспарт ичи тыгын аба жок ,эл коп тушот ошон учун оору тез жайылып жататбазардарды кундо кечкисин же тункусун кылышсын кочолорду да эл жок кезде тункусун дезинфекция кылышсын ошондо кана биз ковит менен курошобуз