Кулжа 17, 2024
Убакыт: 06:44
USD
87.10
88.00
EUR
93.70
94.70
RUB
0.955
1.000

Президент: Кыргызстанда сөз эркиндиги жок болсо, анда ушул аскер айым эфирден түздөн-түз кайрылуу жасап чыкпайт эле

08.02.2024 12:38
343
Президент: Кыргызстанда сөз эркиндиги жок болсо, анда ушул аскер айым эфирден түздөн-түз кайрылуу жасап чыкпайт эле


Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин дагы бир жолу кайталады. Бул тууралуу мамлекет башчы 8-февралда Фейсбуктагы расмий баракчасына үч тилде – кыргыз, орус жана англис тилинде пост жазды.

Билдирүүсүнө Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүндөгү жоокерлерге зордук-зомбулук болуп жатканы тууралуу социалдык тармактарда өлкө жетекчилилерине кайрылуу кылган кенже сержант Жылдыз Асанакунованын видеосун чыгарды.

“Эгерде Кыргызстанда сөз эркиндиги, адам укугу жок болсо, анда ушул аскер айым эфирден түздөн-түз кайрылуу жасап чыкпайт эле. Азыр аскер прокуратурасы бул боюнча дыкат иш алып барууда. Жыйынтыгы жарыяланат. Мындай мисалдар бизде көп. Кыргызстанда сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет”, - деп жазды президент.

Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы Жылдыз Асанакунованын маалыматы тастыкталбаганын билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн