Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 17:13
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Президент Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн ачылышына катышты

28.10.2022 07:49
2106
Президент Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн ачылышына катышты


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Маданият күндөрүнүн расмий ачылышына катышты.


К. Куанышбаев атындагы Мамлекеттик академиялык казак музыкалык драма театрындагы ачылыш аземинде Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель да болду.


Программанын алкагында өлкө лидерлери театрдын фойесинде уюштурулган Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарынын жана кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөсүн көрүп чыгышты.


Андан соң гала-концерт болуп, анда кыргыз өнөрпоздору «Манас» операсынын увертюрасынын фрагментин, «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү, Токтогул Сатылгановдун чыгармаларын жана башка элдик көркөм чыгармачылыктын шедеврлерин аткарышты.


Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрү 2022-жылдын 29-октябрына чейин уланат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн