Бугу 06, 2024
Убакыт: 22:36
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Президент: Көмүскө экономикадан түшкөн каражат дарыгерлердин айлыгын көтөрүүгө жумшалат

08.08.2020 17:26
531
Президент: Көмүскө экономикадан түшкөн каражат дарыгерлердин айлыгын көтөрүүгө жумшалат


Көмүскө экономикадан түшкөн каражат дарыгерлердин айлыгын көбөйтүүгө жумшалат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди. 


Анын айтымында,  Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында бардык тармактар санариптештирилет. 


"Санариптештирүүнүн эң негизги максаты — көмүскө экономикадагы каражаттарды ачыктоо. Ошол эле медицина жана башка тармактардагы айланган каражаттарды бюджетке түшүрүү, ошонун эсебинен мугалимдердин, медиктердин жана башка бюджеттик тармактын, айрыкча, социалдык кызматкерлердин айлыктарын көтөрүү, чечилбей келаткан көйгөйлөрүн чечүү, реформа жүргүзүү.


Санариптештирүү тез эле ишке ашып кетпейт. Биздин өлкөдө кеч башталып калды. Бирок азыр жыйынтыктарын бере баштады. Айрыкча бажы, салык системасында жана башка каражат түшкөн системаларда санариптештирүүнү тездетип жатабыз", - деди президент. 

Өлкө башчынын айтымында, бул келечектин иши.

"Ошонун жыйынтыгын бере баштаганда, айлыктарды көтөрө баштайбыз. Бул келечектин иши. Бүгүн-эртең көтөрүп жиберем деп куру убада бере албайм. Бирок канча тездетсек, көмүскө экономиканы алып чыксак, ошого жараша биз айлыкты көтөрөбүз. Буга чейин үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун айлыктарын көтөрдүк. Эми стационарда иштегендердин айлыгын көтөрөбүз. Ал боюнча тапшырма берилди. Бул боюнча иштеп, жолдорун издеп жатабыз. Көтөрбөсөк болбойт", - деди С.Жээнбеков. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн