Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынынын башында кеңештин мүчөлөрүнө жана мамлекеттик орган жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди. Бул тууралуу президенттин Администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.
Төмөндө Мамлекет башчысынын сөзү:
«Урматтуу Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү!
Урматтуу чакырылгандар!
Эгер сиздерде сунуштар жок болсо, анда менде бир сунуш бар. Күн тартибиндеги маселелерге өтөөрдөн мурда менин айрым жетекчилерге тапшырмаларым бар эле. Ошол тапшырмаларды алдын ала тапшырып койсом. Албетте бул тапшырмалар дагы коопсуздук кеңеши карай турган маселелерге тиешелүү.
Мен жазында өлкөнү кыдырганда көрдүм, сугат жерлер айдалбай жатат бизде. Кайрак жерлерди бияка эле кой, сугат жерлер айдалбай жатат. Ошондон кийин мен бир топ дыйкандар менен баарлаштым. Суроолорду бердим. Эмне үчүн сугат жериңерди айдабайсыңар, ондогон, жүздөгөн гектар жерлер. Алар айтат акча жок, техника жок, үрөн жок, күйүүчү май жок деп. Ошондон кийин келип, жарым жыл мурда Эсептөө палатасына тапшырма бергем. Биздин мамлекеттик банктарды ревизия, аудит жасоо боюнча. Эмне себептен дыйкандарга берилген, жеңилдетилген кредиттер жетпей жатат деп. Кечээ жакында бүттү. Алар текшерип келип бүтүп мага отчетун беришти. Бул жерде дыйкандарга мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттардын 3 эле пайызы жетет экен. Калган 97% жалаң бизнесмендер, депутаттар, министрлер, губернаторлор, алардын жакын туугандары алат экен. Мына алты пайыз менен. Биз өкмөт аны дыйкандарга берип атабыз. Ал акчаны жүз пайыз дыйкандар алышы керек болчу. Бул жакта жалаң чиновниктер, туугандары алып атат. Бир жылдан үч жылга чейин берилет бул кредит. Мамлекет тарабынан дыйкандарга берилет. Ошол үчүн жерлер айдалбай. Түшүм жок болуп тамак-аш боюнча кооптуу маселе жаралып турат. Ушунун кесепетинен келип чыгып атат.
Ошондуктан мен тапшырма берип коюшум керек. Анткени сугат жерлер айдалбай чөп басып жатса, чөбүн чаап, сатып иет экен. Башка айлам жок дейт, же картошка айдай албаса, же буудай айдай албаса. Биз сырттан импорт кылып атабыз. Ошондуктан азыр мен ушуну берип коеюн. Аттарын атабай эле коеюн. Этикага туура келбей калат. Бул жерде депуттар да бар, министрлер да бар, губернаторлор да бар, алардын туугандары да бар. Азыр депутаттыкка талапкер болуп бараткандар да бар, мурда министр, депутат болуп жүргөндөр.
Ошондуктан, ушул маселени мен Камчыбек Кыдыршаевич сизге тапшырам. Изилдеп чыгып, кимдерге берилген кредиттер, эмне үчүн дыйкандарга жеткен эмес. Кайсыл банктар берген? Мисалы, „Айыл Банк“ менен РСК жөнүндө. Жеке банктар да бар мамлекет аркылуу алып дыйкандарга берген. Ушуларды текшерип чыгып, чечим кабыл аласыз. Бул жерде алган бизнесмендерде 15-20% күнөө болсо болгондур. Анткени алар сүйлөшүү жолу менен, коррупцияга барып, бул жерде 6% менен албайт да. Сөзсүз түрдө жок дегенде 4% банктарга берди да „шапка“ кылып. Алган бизнесмендерди күнөөлөштүн кереги жок. Өткөн иш өттү. Банкирлерди тактап чыккыла. Эмне себептен дыйкандарга берген жок.
Анан 1-январдан баштап Министрлер Кабинетинин мучөлөрү, Акылбек Усенбекович эсиңиздерде болсун, дыйкандарга бөлүнгөн бир дагы сом бөлүнгөн башка багытка кетпеш керек. Биз орто жана чакан бизнести каржылоо боюнча программаларды иштетип атпайбызбы. Ошол менен алышсын. Биз бизнесмендерди акча албасын дебейбиз. Бирок, дыйкандарга бөлүнгөн акча бир сомуна чейин дыйкандарга жетиши керек. 1-январдан баштап, эмдиги жылы эгерде бир сому бир жака кете турган болсо, айрыкча банкирлер, ошолор көзөмлгө алат, ошолор берет, текшериш керек жана сиздер дагы Министрлер кабинети тарабынан көзөмөлгө алышыңыздар керек. Толук жетиши керек. Эки айлык мөөнөт менен изилдеп чыгасыз.
Мындан сырткары лицензиялар боюнча геологияны аудит жасап чыкты. Бул жерде дагы коррупциялык элементтер өтө күч алган. Беш он жылдан бери бир эле адам 20-30 лицензияны алып отурган фактылар бар. Аны эмне кылат? Лицензияны алып алат дагы. Изилдөө иштерин жүргүзүп атам деген шылтоо менен кармап жатат. Анан аны сатам деп жашыруун кардар издеп жүрөт. Чет өлкөдөн келген инвесторлорго бир миллионго сатам, беш миллионго сатам деп. Ал жерде баалуу металлдардын лицензиялары бар, темирдики бар, көмүрдүкү бар жана башка. Буларды дагы аудит кылып чыгып бүт бардыгын берди. Бул жерде жашыра турган фактылар жок. Муну дагы изилдеп чыгып эки айдын ичинде отчет беришиңер керек.
Мындан сырктары, энергетика боюнча дагы тапшыпма бергем. Энергетика боючна дагы жөн эле „списать“ этип салган фактылар абдан көп. Мисалы, жок эле, дареги жок, пайдубалы эле турат, ошол үйдө киши жашайт кылып же болбосо бир мекемени ошол жака каттап мына ушул жерден ушунча карыз төлөй албай калды деп туруп, миллиондогон сом карызды жокко чыгарат. Ошону менен жоголуп кетип аткан электроэнергияны „списать“ кылышат экен. Курманкул Токтаралиевич бул эки маселени сизге бердим. Сиз дагы карап чыгып, эки айлык мөөнөттө ордуна коесуз. Райондун эле прокурору жетиштүү болот. Ар бир районго өзүнчө тапшырма бериңиз. Бардыгын изилдеп чыгышсын. Качан болгон? Акыркы үч эле жылдыкын текшерип чыкты. Мына ушундай фактылар чыгып атат.
Мамлекттик мүлк боюнча. Барбы бул жерде? Мамлекеттик мүлк канча мүлкүңөр бар, кайсыл жерде жайгашкан, баасы канча ошону так билбейт экенсиңер. Учёту жок экен. Мамлекеттин канча мүлкү бар учёту жок экен. Ошондуктан мунун баарын изилдеп чыгып, учётко коюп жана рыноктук баасы канча тактап чыккыла. Андан сырткары, бюджеттин аткарылышы боюнча дагы өтө чоң кемчиликтер бар экен. Бул эки маселени, Арзыбек Кожошев барбы, келиңиз, муну көпкө күтүштүн кереги жок. Эки ай өтө көптүк кылат, бир айдын ичинде бүтүрүп чыгып, мага отчетун бересиз.
Урматтуу катышуучулар, биздин мамлекеттик мүлктүн мамлекеттик мекемелерди биз ай сайын, керек болсо жума сайын отчетун алып, текшерип турушубуз керек. Кандай иштер жүрүп жатат, кайсыл багытта бара жатат, канча киреше тапты жана ушул сыяктуу маселелерди керек болсо күнүгө алып турсак болот. Мисалы, „Мегаком“ боюнча айтайын. Ушул жылдын башында анын башчысын алмаштырганмын. Келишим тузгөнбүз. Мурдагы жылдары 2-3 млрдга чейин таза киреше берип аткан болсо, 2-3 жылдан бери 500 млнго түшүп калган. Тарифтер, абоненттери ошондой эле, бирок киреше 500 млнго төмөндөгөн. Мен жаңы жетекчи коюп туруп, минимум 1,5 млрдга чыгарасын, болбосо жоопко тартыласын дегенмин. Мына бүгүн 1,5 млрд таза киреше берди. 1 млрд сом каякка кетип жүргөн? Өзүңөр ойлонуп көргүлө. Былтыр болгону 1,5 млрдга чейин салык төккөн. Быйыл 3 млрд салык төгүп, 1,5 млрд сом таза киреше таап атат. Мурда 1,5 млрд салык төккөн, салыктан да, таза кирешеден да 1 млрдын жеп жүргөн. Мына ушундай фактылар өтө көп.
Темир жол боюнча, мурда 2 млрд карыз болгон. Мен июль айында жетекчисин алмаштырдым дагы, эгерде коррупцияга аралашып, мурдагыларга окшоп ичип-жеп кетсең дароо камаласын, түрмөдөн чыкпайсын дегем. Ушундай тапшырманы койгом. Мына бүгүн, алты айдын ичинде, 1 млрд 578 млн таза кирешеге чыгышты. Тапкан кирешесине Луговойдон баштап, Кыргызстандын аймагындагы бардык темир жолдорду оңдой баштадык, жаңы вагондорду ала башташты.
Аэропорт боюнча, быйыл салыктарды төлөгөндөн кийин 3 млрд 110 млн сом таза кирешеси болду. Мурда 1 млрд 800 млн сом гана таза кирешеси болгон. 1 млрд 200 млн сом каякта? Ошол эле рейстер, ошол эле тарифтер, ошол эле аэропорт.
«Дастан» заводу боюнча дагы, мурдагы бийликтин убагында камалгандар болгон. Алар ошол заводдун таза кирешесин жеп жүрүшкөн, шайлоого колдонуп салышкан. Муну дагы көзөмөлүмө алдым. Мурда карызга батып калган болсо, быйыл 1 млрд сомго таза кирешеге чыгабыз деп турат.
Ошондой эле Айдаркен, Кадамжай комбинаттарын дагы иштете баштадык. Кудай буюрса, жакын арада кирешелерди бере башташат.
«Кыргызнефтегаз» боюнча, жылдын башында жаңы жетекчи койгонбуз. Таза кирешени 3 эсеге көтөрүп атат.
Мунай иштеп чыгуучу „КПК“ заводу он эсеге көтөрүп атат. Элдин эмгек акысын 10 эсеге көтөрүп берип жатат.
Мына ушундай киреше бере турган мамлекеттик мекемелерди, тармактарды көзөмөлгө алсак эле, коопсуздугубуз камсыз болот, урматтуу жыйындын катышуучулары».
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн