Бугу 10, 2024
Убакыт: 00:16
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Президент Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү - эмнелер талкууланды?

31.03.2020 11:45
902
Президент Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү - эмнелер талкууланды?


Коронавирус илдети менен күрөшүү, калктын саламаттыгын сактоо канчалык маанилүү болсо, тамак аш коопсуздугун камсыздоо, жарандарыбызга камкордук көрүү да ошончолук мааниге ээ. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-мартта Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында билдирди.  

Бул жыйынга президент менен кошо мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.  Анын жүрүшүндө коронавирус илдетинин жайылышын токтотууга жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чараларды күчөтүү жөнүндө маселе каралды.


Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынан жабыркаган өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан дагы алдын алуу, коргонуу чараларын көрүп жатканын белгиледи. 


Конституциялык мыйзамга таянып, алгач өзгөчө кырдаал, андан кийин айрым шаар, райондордо өзгөчө абал режимин киргизүүгө туура келгенин айтты.


«Адамдар ортосундагы карым-катыш, байланышты азайтуу, эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, илдеттин андан ары жайылышын кыскартат. Карантиндик эрежеге жарандарыбыз дагы баш ийип, кыймыл кыйла азайганын көрүп жатабыз. Элдин үйдөн чыкпай, кырдаалды түшүнүү менен кабыл алганы дарыгерлерге абдан чоң жардам. Илдеттин жайылып кетпешинин бирден бир жолу», — деди президент. 


Мындан сырткары өлкө башчысы бүт дүйнө өлкөлөрүндөй эле, тилекке каршы, Кыргызстан дагы экономикалык жактан абдан жабыркап жатканын белгиледи.


«Бизнеске доо кетип жатат. Күнүмдүк жумуштарда иштеп, үй-бүлөсүн баккан абдан көп мекендештерибиз бар. Аярлуу катмардагы жарандарыбыз бар. Алар колдоого муктаж. Мунун баарын көрүп, түшүнүп турам. Жер-жерлерде колунда барлар, ишкерлер айылдаштарын колдоп жатат, аларга рахмат», — деген пикирин айтты Сооронбай Жээнбеков. 

 

Ошондой эле Өкмөттөн да бул багытта ыкчам аракеттер талап кылынарын кошумчалады.


Мындан тышкары, Мамлекет башчысы ушул оору менен күрөшүүнүн алдыңкы сабында турган медиктерге бардык жагынан колдоону күчөтүү керектигин дагы бир жолу баса белгиледи.


«Тиешелүү коргонуучу жабдыктар, иштөө шарттары, айлык акылары, сый акылары толук көлөмдө, үзгүлтүксүз берилип турушу шарт», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн