Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 17:24
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Президент: Кумтөр алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине кайтарылды

27.07.2022 14:13
1204
Президент: Кумтөр алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине кайтарылды


Садыр Жапаров президенттик кызматта турган 500 күн боюнча гезиттин атайын саны басылды.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анда өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жана алардын динамикасы, статистикалык маалыматтар келтирилет. Алсак, “Бюджеттин көбөйтүлүшү”, “Кумтөр кенинин Кыргызстанга кайтарылышы”, “Социалдык тармактагы жөлөк пулдардын жогорулоосу” өңдүү темалар камтылган.

«Кумтөр алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине кайтарылды»

«Эң чоң улуттук байлыгыбыз болгон Кумтөр кенинин Кыргызстанга толук жана биротоло өтүшү, өлкөбүздүн тарыхындагы чыныгы бурулуш учур болду. «Кумтөр элге өтсүн» деген элдин талабы аткарылды.

Улуттук кызыкчылыкты коргоо деген дал ушундай болушу керек! Акылбек Жапаров, Динара Кутманова, Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Тенгиз Бөлтүрүк баштаган команда ар тараптуу күрөштү жүргүзүшкөнүнүн жыйынтыгы экенин баса белгилеп кетүү зарыл.

2021-жылдын май айында Кумтөр алтын кенине тышкы башкаруу киргизилген күндөн баштап, кенден таза киреше мамлекеттин бюджетине түшө баштады. Буга чейин жыл сайын дивиденддердин символикалуу көлөмдөрүн гана алып келсек, тактап айтканда, 20 жылдын ичинде жалпысынан 85 млн доллардын тегерегинде дивиденд алып келсек, 2021-жылдын жети айында эле 323 млн доллар таза кирешеге ээ болдук.

Быйыл буюрса, 500 млн долларга чейин алабыз деп турабыз. Адистердин эсебине таянсак, жакынкы 10 жылда Кумтөрдөн кеминде 5 млрд доллар киреше алууга жетишебиз, башкача айтканда, 160тан баштап 200 тоннага чейин алтын казылат. Бул бюджетке түздөн-түз чоң пайда, колдоо.

Кумтөр кенин кыргыз тарап иштетип баштаган кезде, Лондондогу Баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы “Кыргызалтын” ишканасын ишенимдүү компаниялардын тизмесинен чыгарып, кыргыз алтынын биржага чыгаруудан баш тарткан учур катталган. 2022-жылдын 3-майында LBMA “Кыргызалтын” ишканасынын ишенимдүү компания деген статусун калыбына келтирди. Кыргызстан бир гана Кумтөр маселесинде жеңүүчү болуп чыккан жок. «Мегаком» уюлдук компаниясынын эл аралык соттук ишинде дагы коррупциялык инвестициялык келишим болгонун далилдеп, улуттук кызыкчылыкты коргой алды», - деп айтылат макалада.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн