Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү, ошондой эле "Айыл банк" ААК башкармасынын төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин УКМКнын убактылуу тергөө абагында өзүнө кол салуу фактыларын бейтараптуу жана объективдүү изилдөө үчүн жумушчу комиссия түзүлдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирет.
Маалыматка ылайык, комиссия окуялардын жагдайларын ар тараптуу изилдеп, анын ишинин жыйынтыгы өлкөнүн жогорку жетекчилигине берилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн