Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 07:19
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Президент, Министрлер кабинети жана коопсуздук кеңеши Улукбек Кочкоровдун калктын жашоосун жакшыртуу программасын карайт

10.08.2021 08:30
839
Президент, Министрлер кабинети жана коопсуздук кеңеши Улукбек Кочкоровдун калктын жашоосун жакшыртуу программасын карайт

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп иштеп турган 2 жыл ичинде калктын жашоо деңгээлин көтөрүү, ата-мекендик өндүрүштү колдоо, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү турак-жай менен камсыздоо, мигранттардын мекенине кайтуусуна шарт түзүү маселелерин камтыган реалдуу Программа иштеп чыкканбыз. Тилекке каршы, аны мурдагы Өкмөт ар кандай себептер менен ишке ашырууну каалабады. Бул Программадан кабары бар Феликс Шаршенбаевич өзү демилгелеп Садыр Жапаровго да кирип, ушул программа азыркы социалдык кыйын абалдан чыгарып, өлкөнү өнүгүү жолуна сала турганын айткан жайы бар. Көп өтпөй Президенттин тапшырмасы менен Өкмөт башчы Улукбек Марипов атайын чакырып, программа менен кенен тааныштырганбыз.

Бүгүн 10-августта Президент, Өкмөт башчы, анын орунбасарлары, Коопсуздук кеңешинин жетекчилиги жана тиешелүү министрлери чогуу отурушуп, биз сунуштаган программаны талкуулай турган болушуптур. Кудай жалгап колдоого алынып, ишке ашыруу аракети башталса анда өлкөбүз экономикалык жактан жанданып, калктын жашоосу жакшырмак. 

Программанын негизгилерин атай кетейин:

1) Ата-мекендик өндүрүш колдоого алынып, жумуш орундары түзүлөт.

2) Жыл сайын пенсия, жөлөкпул, бюджеттик мекемеде иштеген кызматкерлердин маянасы көбөйүп турат.

3) Турак-жайсыз үй-бүлөлөр узак мөөнөткө пайызсыз ипотека менен камсыздалат.

4) Сомдун куну турукташып, баалардын өсүшү ооздукталат ж.б.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн